Бишкек шаары2007-жылдын 31-июлу № 124 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу 2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатындаКыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жанатолуктоолор киргизилсин: 17-статьяда: 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоо-лорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) так-талбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык сан-кция колдонулат: жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсызданды-руу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө; камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттукжылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүн-дө."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-бөлүктөр менен толукталсын: "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордотартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунунаймактык органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүүжөнүндө билдирүү жиберет. Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алын-ган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тий-иш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурдатөлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат. Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев