КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 31-июлу № 130
Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
614-статьяда:
экинчи абзацтын 3-пунктундагы "республикалык бюджетине" деген сөздөр "республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Кодекске ылайык алынган айыптардын суммасынын өлчөмүнүн 50% республикалык бюджетке жана 50% жергиликтүү бюджетке чегерилет.";
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша төртүнчү жана бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2007-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |