Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 6-августу № 131
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоолор киргизүү жөнүндө
2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй
толуктоолор киргизилсин:
1. 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен то-
лукталсын:
"16) алкоголдук, бањгилик жана башка мас абалында кылмышка ба-
руу.".
2. 281-статьянын 3-бөлүгү "жосун," деген сөздөн кийин төмөнкүдөй
сүйлөм менен толукталсын:
"ошондой эле биринчи жана экинчи бөлүктөрдө каралган алкоголдук,
бањгилик жана башка мас абалында жасалган жосун".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев