Бишкек шаары2007-жылдын 6-августу № 133 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөйтолуктоо киргизилсин: 10-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менентолукталсын: "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-га байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыклегалдаштырылган мүлктү күрөөгө коюуда коюлган баанын наркы легалдашты-руунун субъектисинин өзү белгилеген баадан ашык болушу мүмкүн эмес.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынэки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруугабайланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуумөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев