Загрузка документа…
Бишкек шаары
2007-жылдын 6-августу № 134
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу
(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын экономикасына кошумча каражаттарды тартууга
арналган бул Мыйзам акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
легалдаштыруу боюнча мамлекеттин бир гана жолку акциясынын өткөрүлүшүн
жөнгө салат жана менчиктин бардык түрүндөгү жеке жана юридикалык жак-
тардын сатып алуунун, ээлик кылуунун натыйжасында алышкан кирешелерин
легалдаштыруунун же финансы каражаттарын, мүлктү жана мүлк укуктарын,
интеллектуалдык менчик объекттерин жана жарандык укуктардын дагы башка
объекттерин тескөөнүн жана алардын кол тийбестигине мамлекеттик кепил-
диктердин берилишинин укуктук негиздерин жана тартибин белгилейт.
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу -
банктардын, финансы-кредит мекемелеринин, мамлекеттик мекемелердин, са-
лык жана дагы башка органдардын, жеке адамдарды да кошкондо, легалдаш-
тырылуучу объектиге аны декларациялоонун натыйжасында мыйзамдуу статус
берүү боюнча биргелешкен иштери.
Легалдаштыруу объекти - ар кандай валютадагы акча каражаттары
(банк депозиттери), Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын
чегинен тышкары жайгашкан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, мүлк укуктары,
экономикалык иштен алынган, мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте декларацияланбаган экономикалык пайда.
Кыймылдуу мүлк - транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук
жана четөлкөлүк валютада), баалуу кагаздар, ишканалардагы капиталды ле-
галдаштыруунун субъектине таандык болгон үлүшү, кымбат баалуу жана жа-
рым-жартылай кымбат баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан
жасалган зер буюмдары, үй жаныбарлары, анчалык баалуу эмес башка жан-
дыктар жана юридикалык жактарга карата финансы жана башка мүлктүк та-
лаптар, ошондой эле маданий нарк-насили бар мүлк жана Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ошондой деп таанылган табе-
рик буюмдар.
Кыймылсыз мүлк (козголбос) - жер участоктору, жер казынасынын
участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объекттери жана жер менен тыгыз байланыш-
кандардын, алардын которулушу аларды пайдалангандагыга шайкеш келбеген
чыгашаларсыз болбой тургандардын баары, анын ичинде токойлор, көп жыл-
дык өсүмдүктөр, имараттар, курулуштар жана башкалар.
Легалдаштыруунун субъекти - тийиштүү органдарга легалдаштырыла
турган объектилеринин бар экендиги жөнүндө билдирген, Кыргыз Республи-
касында, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде кирешеси бар Кыргыз
Республикасынын жарандары; чет өлкөлүк жарандар; аларга тете юридикалык
жактар.
Башка жак - легалдаштыруу объектине эч кандай тиешеси жок, бирок
башка бирөөнүн жашырып жүргөн мүлкүн каттатуу же каттоо жөнүндө уюшту-
руучунун же ыйгарым укуктуу адамдын атына эмес, жаап-жашырып өзүнүн
атына мыйзамсыз күбөлүктү жол-жоболоштуруу жолу менен арзыбаган жаран-
дык-укуктук бүтүмдөрдү жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары; чет
өлкөлүк жарандар; аларга тете юридикалык жактар.
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу
боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) - мамлекеттик органдардын өкүл-
дөрүнөн турган, ээлик кылуу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жол-жоболоштурулбаган акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймыл-
сыз мүлктү легалдаштыруу тууралу же легалдаштыруудан баш тартуу жөнүндө
чечим чыгаруу ыйгарым укугу берилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан түзүлүүчү республикалык комиссия жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын
алдында түзүлүүчү жергиликтүү комиссиялар.
Экономикалык иш - легалдаштыруу субъектинин товарларды (жумуштар-
ды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана (же) сатуу боюнча өзалдынча иши,
ошондой эле иштин натыйжасына карабастан, киреше (пайда) алууну көздө-
гөн ар кандай башка иш.
2-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
Бул Мыйзамдын күчү ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн акча
каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү кошпогондо, легалдаштыруу
мөөнөтү башталганга чейин экономикалык иштен алынган, анын ичинде башка
адамга жол-жоболоштурулган легалдаштырылуучу жана өзүнө таандык болгон
легалдаштырылуучу объектин легалдаштырган легалдаштыруу субъекттерине
колдонулат.
3-статья. Легалдаштырылбай турган акча каражаттары, кыймылдуу жана
кыймылсыз мүлк
Төмөндөгүдөй акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ле-
галдаштырылбайт:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 124, 210-213,
226, 230, 241, 247, 252, 254, 303, 310-314-статьяларына ылайык кылмыш-
тарды жасоонун натыйжасында алынгандар;
2) сот тартибинде талашып жаткан мүлккө укуктар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жол берилбеген укуктар-
ды берүү;
4) кредит түрүндө алынган акча каражаттары.
4-статья. Легалдаштыруу объектин баалоонун тартиби
Легалдаштыруу объектинин наркы конкреттүү объектиге легалдаштыруу
субъектинин менчик укугун тастыктаган документ тиешелүү органга берил-
генден кийин легалдаштыруу жөнүндө арыз берилген учурдагы рыноктук ор-
точо баалар боюнча легалдаштыруу субъектинин өзү тарабынан аныкталат.
5-статья. Легалдаштыруу тартиби
1. Легалдаштыруу легалдаштыруу субъектинин төмөнкүдөй ыктыярдуу
декларацияланышы менен жүзөгө ашырылат:
1) акча каражаттарын (улуттук жана чет өлкөлүк валютада) - Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу банктарда жана фи-
нансы-кредит мекемелеринде;
2) транспорт каражаттарын - мамлекеттик автомобиль инспекциясынын
органдарында;
3) кыймылсыз мүлкүн - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ор-
гандарда;
4) баалуу кагаздарын, ишканалардагы ага таандык болгон капиталынын
үлүштөрүн - финансы көзөмөлү, аудит жана отчеттуулук боюнча органдарда;
5) кыймылдуу мүлктүн жогоруда аталбаган башка түрлөрүн - жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын алдында түзүлгөн комиссияларда.
2. Легалдаштыруунун субъекттери акча каражаттарын, кыймылдуу жана
кыймылсыз мүлкүн легалдаштырганы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку
акы төлөшөт:
1) атайын депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттарынын суммасынын
5%ын;
2) декларациялануучу мүлктүн наркынын 5%ын.
3. Легалдаштыруу жөнүндөгү арызды каттоо ушул Мыйзамдын N 1 жана N
2 тиркемелерине ылайык форма боюнча ушул статьянын 1-пунктунда аталган
органдарда жүргүзүлөт.
4. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар легалдаштыруу субъ-
ектинин акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдашты-
руу жөнүндөгү арызын кабыл алууга жана легалдаштыруу үчүн бир жолку акы
төлөнгөндөн кийин арызынын каттоого алынганын тастыктоочу документ
берүүгө милдеттүү.
5. Укук коргоо, сот жана башка органдар (Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматы,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жо-
горку соту, Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга контроль боюнча мамле-
кеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча
мамлекеттик агенттиги) ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 күндүн
ичинде тийиштүү органдарга (банктарга жана финансы-кредит мекемелерине,
мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарына, кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча органдарга, финансы көзөмөлү, аудит жана от-
четтуулук боюнча органдарга) жана жергиликтүү комиссияларга ушул Мый-
замдын 3-статьясында каралган учурларга туура келүүчү адамдар жөнүндө
маалыматтарды берет.
6. Банктар жана финансы-кредит мекемелери, мамлекеттик автомобиль
инспекциясынын органдары, финансы көзөмөлү, аудит жана отчеттуулук бо-
юнча органдар легалдаштыруунун субъекттери тарабынан берилген маалымат-
тардын жана ушул статьянын 5-пунктунда аталган органдардан алынган маа-
лыматтардын негизинде акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк-
тү легалдаштыруу тууралу же легалдаштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим
чыгарышат.
7. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдар кыймылсыз
мүлктү легалдаштырууга документтерди жергиликтүү комиссиялардын кароо-
суна беришет.
8. Акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ушул статьянын
1-пунктунда аталган органдар же Комиссия тарабынан аларды легалдаштыруу
жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып легалдаштырылды деп таанылат.
Ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар же Комиссия чечим чы-
гарылгандан кийин тийиштүү салык органдарына акча каражаттарын, кыймыл-
дуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштырган субъекттер боюнча маалыматтар-
ды беришет.
9. Легалдаштыруунун субъекттерине объектти легалдаштыруу мезгили
аяктагандан жана легалдаштыруу жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин ушул
статьянын 1-пунктунда аталган органдар же Комиссия акча каражаттарынын,
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн легалдаштырылганы жөнүндө легалдашты-
руунун статусун тастыктоочу документ берет.
10. Талаш маселелер келип чыккан учурда акча каражаттарын, кыймыл-
дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу тууралу же болбосо легалдашты-
руудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди республикалык комиссия чыга-
рат.
11. Акча каражаттарынын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн легал-
даштырылгандыгы жөнүндөгү чечимди алган легалдаштыруу субъекттери Кыр-
гыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бир эле учурда легалдаш-
тыруу объектинин наркын жылдык кирешенин жыйындысына кошуп жана жылдык
кирешенин жыйындысынан чыгарып салып, жылдык жалпы кирешеси жөнүндөгү
декларацияны салык органдарына, ал эми мамлекеттик муниципалдык кызмат-
чылар да Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агент-
тигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иште-
ри боюнча улуттук агенттигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген тартипте кирешеси жана мүлкү жөнүндөгү маалыматтарды берүүгө
милдеттүү.
12. Комиссиянын курамы жана иштеши жөнүндөгү жобо Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
13. Легалдаштырылды деген статус алган объекттер ушул Мыйзамга
ылайык мыйзамдуу жол менен сатып алынган деп таанылат.
14. Легалдаштыруунун субъекттери легалдаштыруу жөнүндөгү чечимди
алгандан кийин легалдаштыруу үчүн берилген акча каражаттарын, кыймылдуу
жана кыймылсыз мүлкүн өз алдынча тескөөгө укуктуу.
15. Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн акча каражаттары легалдашты-
рылган күндөн тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан
тышкары которулбоого тийиш.
(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Легалдаштыруу мезгили жана арыз берүүнүн мөөнөттөрү
1. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-
руу мезгили легалдаштыруу жөнүндөгү арыздын кабыл алынганын тастыктоочу
документти алган учурдан тартып 90 календарлык күндү түзөт.
2. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-
рууга арыз берүүнүн мөөнөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 90
календарлык күндү түзөт.
7-статья. Кирешелерди легалдаштыруунун жашыруун сырын камсыз
кылуучу кепилдиктер
1. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-
рууга катышуучу мамлекеттик органдар, банктар жана финансы-кредит меке-
мелери, Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сырдын
категориясына кирүүчү маалыматтын жашыруундуулугунун сакталышы үчүн
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик
тартышат (атайын эсептин болушу ар кандай процесстик иш-аракеттерди,
анын ичинде - жазык куугунтугун жүргүзүүгө же администрациялык жаза ча-
раларын колдонууга негиз боло албайт).
2. Атайын депозиттик эсептердин (алардагы акча каражаттарынын са-
ны) же легалдаштырууга тийиш болгон мүлктүн бар экендигин ачыкка чыга-
рууга болбойт:
8-статья. Кирешени легалдаштыруу максаты менен ачылган банк
эсебинин режими
1. Кыргыз Республикасынын банктарындагы жана финансы-кредит меке-
мелериндеги акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн легалдаштыруу мезгили-
нин ичинде топтолуучу эсептер катары пайдаланылуучу атайын депозиттик
эсептер ачылат.
2. Легалдаштыруунун субъекттерине легалдаштыруу үчүн белгиленген
мезгил бүткөнгө чейин топтоочу депозиттик эсептерден чыгаша операцияла-
рын жүргүзүүгө тыюу салынат.
3. Легалдаштыруунун субъекти атайын депозиттик эсепке түшкөн акча
каражаттарын ал легалдаштыруу жөнүндө оњ чечимди алгандан кийинки күнү
тескей алат.
9-статья. Кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштырган
легалдаштыруу субъекттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
VIII бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкер-
чилигинен бошотулушат.
10-статья. Администрациялык жоопкерчиликтен бошотуу
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштырган
легалдаштыруу субъекттери Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооп-
керчилик жөнүндө кодексинде каралган экономика чөйрөсүндөгү администра-
циялык эрежелерди бузганы үчүн администрациялык жоопкерчиликтен бошоту-
лушат.
11-статья. Мамлекеттик кызматчылардын акча каражаттарын жана
жашырып жүргөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн
легалдаштыруу
Ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо,
мамлекеттик кызматчылардын акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз
мүлкүн легалдаштыруу фактылары аларды кылмыш жазасына, администрациялык
же тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз боло албайт.
12-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Мамлекеттик органдардын, банктардын жана финансы-кредит мекеме-
леринин кызмат адамдарынын легалдаштыруу объектине легалдаштыруу стату-
сунун берилишине тоскоолдук кылган аракеттери Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылууга тийиш.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып жана күчү токтотулганга
чейин тийиштүү органдардын маалымкатынын негизинде Кыргыз Республикасы-
нын аймагына четөлкөлүк валютаны алып келүүгө бардык алымдар жоюлат жа-
на акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштыруу жө-
нүндө арыз берген субъекттер үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бол-
гон укукту мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн легалдаштырылуучу
мүлктүн бардык түрлөрүнө жыйымдар боюнча нөлдүк ставка колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулган мезгили аяктагандан кийин мамлекет
акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруудан баш
тартуу жагдайларын мөөнөтсүз текшерүү укугун өзүндө калтырат, ал эми
экономикалык иштен алынган кирешелер, анын ичинде башка адамдарга
жол-жоболоштурулган мүлк соттун чечиминин негизинде бюджетке алынат.
13-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, ал арыз
берүү мөөнөтүнүн башталышына туура келет жана өзүнүн күчүн ушул Мыйзам-
дын 6-статьясында белгиленген легалдаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийинки
күнү токтотот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
2007-жылдын 6-августундагы
Кыргыз Республикасынын
"Акча каражаттарын, кыймылдуу
жана кыймылсыз мүлктү
легалдаштырууга байланыштуу
мунапыс тууралу" № 134 Мыйзамына
№ 1 тиркеме
______________________________________
______________________________________
(арызды кабыл алуучу органдын аталышы)
Жеке адамдын кирешелерин жана мүлкүн легалдаштырууга
АРЫЗ
(эки нускада толтурулат)
Аты-жөнү _________________________________________________________
ИНН ______________________________________________________________
Жашаган жери _____________________________________________________
Инсанды тастыктоочу документ:
Түрү _____________________________________________________________
Сериясы __________________________________________________________
N __________________ ким берген __________________________________
Берилген күнү ____________________________________________________
_______________________________________________________________________
-----------------------------------------------------------------------
| Легалдаштырылуучу | Легалдаштырылганга | Кирешелердин | Жайгашкан |
| кирешелердин жана | чейин башка адамга | жана мүлктүн | дареги |
| мүлктүн тизмеси | таандык болгон | наркы (мињ | |
| | кирешелердин жана | сом) | |
| | мүлктүн тизмеси | | |
|-------------------|---------------------|---------------|-----------|
|-------------------|---------------------|---------------|-----------|
|-------------------|---------------------|---------------|-----------|
|-------------------|---------------------|---------------|-----------|
|Кирешелердин | X | | X |
|жана мүлктүн | | | |
|жыйынтык наркы | | | |
|-------------------|---------------------|---------------|-----------|
-----------------------------------------------------------------------
Арызга төмөнкүдөй документтерди тиркедим (аталышы, сериясы, номе-
ри, качан жана ким тарабынан берилген)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Күнү_____________ (арыз ээсинин колу)
(арыз ээсинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колу)
_______________________________________________________________________
(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колу)
МО Арыз кабыл алынган күн:
2007-жылдын 6-августундагы
Кыргыз Республикасынын
"Акча каражаттарын, кыймылдуу
жана кыймылсыз мүлктү
легалдаштырууга байланыштуу
мунапыс тууралу" № 134 Мыйзамына
№ 2 тиркеме
______________________________________
______________________________________
(арызды кабыл алуучу органдын аталышы)
Жеке адамдын кирешелерин жана
мүлкүн легалдаштыруу өткөрүүгө
АРЫЗ
(эки нускада толтурулат)
Юридикалык жактын толук аталышы __________________________________
_______________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн номери __________________
_______________________________________________________________________
Катталган күнү ___________________________________________________
ИНН ______________________________________________________________
Юридикалык дареги ________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
атынан аракеттенүүчү
_______________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу өкүл толтурат)
______________________________________________________________негизинде
(ыйгарым укугун ырастоочу документтин реквизиттери)
-----------------------------------------------------------------------
| Легалдаштырылуучу | Кирешелердин жана | Жайгашкан дареги |
| кирешелердин жана | мүлктүн наркы (мињ сом) | |
| мүлктүн тизмеси | | |
|---------------------|----------------------------|------------------|
|---------------------|----------------------------|------------------|
|---------------------|----------------------------|------------------|
|Кирешелердин жана | | |
|мүлктүн жыйынтык | | |
|наркы | | |
|---------------------|----------------------------|------------------|
-----------------------------------------------------------------------
Арызга төмөнкүдөй документтерди тиркедим (аталышы, сериясы, номе-
ри, качан жана ким тарабынан берилген)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Күнү ____________ (арыз ээсинин колу)
(арыз ээсинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колу)
_______________________________________________________________________
(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колу)
МО Арыз кабыл алынган күн: