Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2007-жылдын 9-августу № 141 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгонбүтүмдөрдү  мамлекеттик  каттоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолоркиргизүү тууралу  2007-жылдын 18-июнунда                       Кыргыз Республикасынын Жогорку                                                                Кеңеши тарабынан кабыл алынган              1-статья.              "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү  мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:             1. 4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:             "13) мүлктү легалдаштырууда пайда болуучу укуктар.".             2. 7-статьяда:             2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөрдөн кийин", мүлктү легалдаштыруу учурунда документтерди тапшыруудан башкасы" деген сөздөр менен толукталсын.             3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:             "Легалдаштыруучу мүлккө мамлекеттик каттоонун жоктугу үчүн легалдаштыруунун субъекттери жоопкерчилик тартышпайт.".             3. 18-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:             "Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт.".              2-статья.              Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.              3-статья.              Ушул Мыйзам  расмий  жарыяланган  күндөн  тартып күчүнө кирет жана "Акча каражаттарын,  кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                               К.Бакиев