Загрузка документа…
КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2007-жылдын 10-августу № 148
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү тууралуу
2007-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7,
501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча "камкорчу жана көзөмөлчү органы"
деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бө-
лүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин" деген сөз-
дөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин" деген
сөздөр менен толукталсын.
3. 7-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республика-
сынын эларалык келишимдери" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте
күчүнө кирген эларалык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 13-статьядагы "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери" де-
ген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык кели-
шимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 14-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр
саналат.
- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы туу-
ралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн
учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берил-
ген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы
тууралуу маалымкат;
- ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин би-
ринин) документтери;
- туулган баланы Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу жөнүндө
нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ата-эненин макулдашуусу (эгерде баланын
ата-энесинин жарандыгы ар башка болсо, алардын бири бала туулган учурда
Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ал эми экинчиси чет элдик жаран
болсо).";
2 жана 3-пункттар алып салынсын;
4-пункт 2-пункт деп эсептелсин.
6. 16-статьяда:
1-пункттагы "(ата-энесинин бири)" деген сөздөрдөн кийин "баланын
туулган күнүнөн тартып бир айдын ичинде" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
4-пункт алып салынсын.
5 жана 6-пункттар 4 жана 5-пункттар деп эсептелсин.
7. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Табылган (ташталган)баланын туулгандыгын мамлекеттик
каттоо
1. Баланы таап алган адам бир сутканын ичинде бала табылган жерде-
ги ички иштер органына же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө
жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган уюмдар табылган баланы убак-
тылуу жайгаштыруу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде
табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына түшсө, анда бул орган
бир сутканын ичинде ал тууралуу Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча
бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм ата-энеси белгисиз,
табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө
жарандык абалдын актыларын жазуучу органга бала табылган күндөн тартып
жети күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.
4. Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо
жөнүндө арыз менен бирге Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм
тарабынан төмөнкүлөр берилиши керек:
- бала табылган убактысы, орду жана жагдайы көрсөтүлүү менен ички
иштер органы тарабынан берилген баланын табылгандыгы жөнүндө документ
(эгерде табылган бала жөнүндө арыз ички иштер органына келип түшсө);
- табылган (ташталган) баланын жашын жана жынысын ырастаган меди-
циналык уюм тарабынан берилген документ.
5. Табылган баланын фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө маа-
лыматтар Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча
анын туулгандыгы тууралуу жазуу актысына киргизилет. Табылган (таштал-
ган) баланын ата-энеси жөнүндөгү маалымат анын туулгандыгы тууралуу жа-
зуу актысына киргизилбейт.".
8. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бир жашка чыккан жана андан өткөн курактагы баланын туулганды-
гын мамлекеттик каттоо медициналык уюм тарабынан берилген туулгандыгы
тууралуу маалымкаты болсо, же болбосо медициналык мекемеден сырткары
жерде төрөлгөндө тийиштүү саламаттык сактоо органынын ыйгарым укуктуу
врачы же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы туу-
ралуу маалымкат ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же Үй-бүлөнү жана
балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзү-
лөт. Бала эрезеге жеткенде анын туулгандыгын мамлекеттик каттоо эрезеге
жеткен баланын өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам, 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган
Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн милдеттерин жөнгө салуу-
чу жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында балдардын
укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын колдоо боюнча адистештирилген
түзүмдүк бөлүкчөлөр - үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр
түзүлгөнгө чейин, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоо милдетине кирген камкорчу жана көзөмөлчү органдар ишин уланта
берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев