Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 20-августу № 154
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине
өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-
түүлөр киргизилсин.
1. 1-Статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Эгемендүүлүк
Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагынын үстүндөгү аба мейкин-
дигинде толук жана өзүнө гана таандык эгемендүүлүккө ээ.".
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Авиациялык эрежелер
Кыргыз Республикасындагы авиациялык иштерди жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын бардык нормативдик укуктук актылары (мындан ары - Авиа-
циялык эрежелер) ушул Кодекстин негизинде жана ага ылайык кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан же граждандык авиациянын ишин жөнгө салуу карамагында болгон Кыр-
гыз Республикасынын тиешелүү органы тарабынан кабыл алынат жана ага
Авиациялык эрежелерди кабыл алуу боюнча, ошондой эле аларды Эларалык
граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына ылайык кабыл
алынуучу Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандартына жана сунуш
кылынган практикасына максималдуу түрдө бирдей келишин камсыз кылуу
үчүн белгиленген тартипте ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн. Кыргыз Рес-
публикасынын Авиациялык эрежелери авиация ишинин төмөнкүдөй тармактарын
жөнгө салуучу эрежелерди камтыйт:
(а) авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү;
(б) учуулардын эрежелери;
(в) учууларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу;
(г) аэронавигациялык карталар;
(д) өлчөө бирдиктери;
(е) аба кемелерин иштетүү;
(ж) аба кемелерин каттоо;
(з) аба кемелеринин учууга жарактуулугу;
(и) формалдуулуктарды жөнөкөйлөштүрүү;
(к) авиациялык байланыш;
(л) аба кыймылын тейлөө;
(м) издөө жана куткаруу;
(н) авиациялык кокустуктарды жана окуяларды териштирүү;
(о) аэродромдор;
(п) учууларды аэронавигациялык жактан камсыз кылуу;
(р) айлана-чөйрөнү коргоо;
(с) авиациялык коопсуздук;
(т) коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу;
(у) граждандык авиациянын ишинин Кыргыз Республикасындагы аэрона-
вигациянын коопсуздугуна, туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна тиешелүү
башка тармактары.
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин Граждандык авиация-
нын эларалык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына
бирдей келишин камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурларда Кыргыз Республи-
касы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясына
ылайык бул тууралуу Граждандык авиациянын эларалык уюмуна билдирет.
Граждандык авиациянын эларалык уюмунун стандарттарынын жана сунуш
кылынган практикасынын айрым бөлүктөрү же бөлүмдөрү, ошондой эле аба
кемелерин иштеп чыгуучу башка мамлекеттердин тийиштүү стандарттары жана
эрежелери, эгерде мындай стандарттар, практика же эреже ушул Кодекстин
талаптарына жооп берсе жана аларды Кыргыз Республикасында иштеп чыгуу-
нун зарылчылыгы болбосо, Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонуу
үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.".
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Колдонуу чөйрөсү
Бул Кодекс төмөнкүлөргө карата колдонулат:
(а) Кыргыз Республикасынын чегинде граждандык авиациянын бардык
аба кемелерине жана граждандык авиация жагындагы иштин түрлөрүнө;
(б) эгерде Кыргыз Республикасы анын жактарынан болуп саналган эла-
ралык макулдашууда, келишимде же башка документте башкача каралбаса же
аба кемеси жүргөн мамлекеттин мыйзамдары же эрежелери башкача талап
кылбаса, алар кайда жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасында кат-
талган бардык граждандык аба кемелерине.
Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 12-статьясына
ылайык, ачык дењиздин үстүндө ушул Конвенцияда белгиленген эрежелер
колдонулат.
Ушул Кодекстин 10, 11, 29-34, 36, 38, 40, 55-57, 59-60, 66, 68-69,
72, 74-81-статьяларынын жоболору Кыргыз Республикасынын аба кемелерине
карата колдонулат.
Ушул кодекстин максаттары үчүн мамлекеттин аба кемелерине мамле-
кеттин аскердик, бажы жана укук коргоо органдары же ведомстволору пай-
далануучу аба кемелери кирет.".
4. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Эларалык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан кайсы бир эларалык келишимде
ушул Кодекстегиден же Авиациялык эрежелерден бөлөк нормалар белгиленсе,
анда ошондой келишимдин нормалары колдонулат.".
5. II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "II глава
Мамлекеттик жөнгө салуу".
6. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Граждандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуучу орган
Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөн-
гө салууну граждандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ыйга-
рым укуктуу органы (мындан ары - граждандык авиация органы) жүзөгө ашы-
рат.
Граждандык авиация органы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жа-
на граждандык авиациянын чарбакер ёсубъекттеринин тийиштүү төлөмдөрүнүн
эсебинен, Кыргыз Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актысында
белгиленген тартипте каржыланат.".
7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Граждандык авиация органынын функциялары жана
милдеттери
Граждандык авиация органынын функциялары жана милдеттери төмөндө-
гүлөрдү камтыйт:
(а) аба аркылуу ташуулардын жана граждандык авиация жагындагы кыз-
мат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн коопсуздугун, туруктуулугун жана
натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы граж-
дандык авиация ишин жөнгө салууну;
(б) граждандык авиация жагындагы Кыргыз Республикасынын Авиациялык
эрежелеринин жана башка нормативдик укук актыларынын долбоорлорун иштеп
чыгууну;
(в) авиация персоналына күбөлүктөрдү берүүнү;
(г) граждандык аба кемелерин жана авиациялык буюм-тайымдарды сер-
тификациялоону;
(д) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана биргеле-
шип жайгашуучу аэродромдорун сертификациялоону;
(е) иштетүүчүлөрдү сертификациялоону;
(ж) учууларды тейлөөгө, аба кемелерин жана башка авиациялык нерсе-
лерди техникалык жактан тейлөө, ремонттоо, иштеп чыгуу же жасоо, авиа-
циялык персоналды даярдоо менен байланышкан иштерди сертификациялоону
жана/же лицензиялоону, ошондой эле Кыргыз Республикасында граждандык
авиациянын коопсуздугу, туруктуулугу жана натыйжалуулугу үчүн зарыл
болгон дагы башка кызмат көрсөтүүлөрдү - сертификациялоону же лицензия-
лоону;
(з) граждандык аба кемелерин каттоону;
(и) Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана бирге
жайгашуучу аэродромдорун каттоону;
(к) Кыргыз Республикасынын аба жолдорунун тизмесин каттоону;
(л) Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагын
чыгарууну;
(м) Кыргыз Республикасынын иштетүүчүлөрүнүн реестрин жүргүзүүнү;
(н) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин жана эларалык
уюмдардын ортосунда граждандык авиация жагындагы макулдашууларга Кыргыз
Республикасынын атынан кол коюуну жана/же кол коюуга катышууну;
(ө) граждандык авиациянын эларалык уюму (ИКАО), ошондой эле башка
эларалык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын
чегинде эриш-аркак аракеттенүүнү;
(п) Кыргыз Республикасында аэронавигациялык жана аэропорттук кыз-
мат көрсөтүү үчүн алынуучу тарифтерди жана жыйымдарды бекитүүнү;
(р) ушул Кодекске жана Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү кон-
венциянын тиешелүү жоболоруна ылайык каттоочу мамлекеттин жана иш-
тетүүчү мамлекеттин функцияларын аткарууну;
(с) Кыргыз Республикасындагы граждандык авиация ишин башкаруу мак-
сатында граждандык авиация органына жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функ-
цияларды жана милдеттерди аткарууну.
Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси ижарага алуу, жалдоо,
же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу башка ар
кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын ишинин
негизги орду, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жайгашкан жери
башка мамлекетте (макулдашуучу мамлекетте) болсо Кыргыз Республикасы
граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis
статьясына ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемеси-
не карата каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жө-
нүндөгү конвенциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган өзү-
нүн функцияларынын жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн ага өткө-
рүп бере алат. Мында Кыргыз Республикасы өткөрүп берилген функциялар
жана милдеттер боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.
Макулдашылган башка мамлекетте катталган аба кемеси ижарага алуу,
жалдоо, же аба кемелерин өз ара алмашуу келишимине же ушул сыяктуу баш-
ка ар кандай келишимдерге ылайык иштетүүчү тарабынан иштетилсе, анын
ишинин негизги орду же, эгерде анда андай орун болбосо, туруктуу жай-
гашкан жери Кыргыз Республикасында болсо, Кыргыз Республикасы Граждан-
дык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 83 bis статьясына
ылайык андай мамлекет менен макулдашуу боюнча ал аба кемесине карата
каттоочу мамлекеттин Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү кон-
венциянын 12, 30, 31 жана 32"а"-статьяларында каралган функцияларынын
жана милдеттеринин баарын же айрым бөлүгүн өзүнө өткөрүп ала алат. Мын-
да Кыргыз Республикасы өзүнө өткөрүп алган функциялар жана милдеттер
боюнча жоопкерчилик тартат.
Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын жана башка мамлекеттин функцияларды жана милдеттерди өткө-
рүп берүүсү ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө ылайык түзүл-
гөн макулдашуу Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенция-
нын 83-статьясына ылайык катталбаса жана жарыяланбаса, же макулдашуунун
болгону жана анын предмети жөнүндө Кыргыз Республикасы же ал макулда-
шуунун тарабы болгон башка мамлекет тарабынан кызыгдар болгон башка ма-
кулдашуучу мамлекеттин же мамлекеттердин бийликтерине түздөн-түз кабар-
лаганга чейин макулдашуучу башка мамлекеттерге карата жараксыз болот.
Граждандык авиация органы өзүнүн структурасында инспекторлорду
кармай алат, алардын функциялары граждандык авиация органына сертифика-
циялоо, лицензиялоо боюнча функцияларын же граждандык авиация органынын
жөнгө салуучу башка функцияларын аткарууга жардам көрсөтүүдө турат жана
көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторлорунун функцияларын жана ыйгарым
укуктарын алмаштырбайт же кайталабайт.
Граждандык авиация органынын инспектору Кыргыз Республикасынын аэ-
родромдорунун аймактарына жана аэропортторунун тийиштүү жайларына тос-
коолдуксуз кирүү жана Кыргыз Республикасынын кайсы гана болбосун аба
кемесин негизсиз кармоого жол бербей кеменин документтеринин жана эки-
паж мүчөлөрүнүн кызматтык документтеринин ушул Кодекстин талаптарына
ылайык келишин текшерүү үчүн атайын күбөлүк менен камсыз болот.
Граждандык авиация органынын инспекторунун ыйгарым укуктары бел-
гилүү болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө граждандык авиация
субъектинин жетекчисине билдирүү жана граждандык авиация субъектинин
жетекчисине сертификат, лицензия же кайсы бир уруксаттарды берүүдөн баш
тартуу, иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарда ай-
тылган, ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун
кызыкчылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна
ылайык эмес катары каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, бу-
зуу, токтото туруу, кайра алып коюу, жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө
рекомендацияларды берүү менен чектелет.".
8. III главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "III
глава. Мамлекеттик көзөмөл".
9. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Аба транспортундагы көзөмөл боюнча мамлекеттик орган
Кыргыз Республикасында аба транспортундагы мамлекеттик коопсуздук-
ту аба транспортундагы көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары
- көзөмөлдөө боюнча орган) жүзөгө ашырат.
Көзөмөлдөө боюнча орган өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан бекитиле турган Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик аба кемелеринин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жоопкер-
чилиги ошол мамлекеттик аба кемесине карата укугу бар органдарга же ве-
домстволорго жүктөлөт. Эгерде ошол мамлекеттик аба кемеси карамагында
турган органдар же ведомстволор тарабынан ошол мамлекеттик аба кемеле-
ринин учууларынын коопсуздугу үчүн башкача талап кылынбаса, мамлекеттик
аба кемелеринин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө органынын функциялары жана
ыйгарым укуктары ушул эле Кодексте аныкталган функцияларды жана ыйгарым
укуктарды камтыйт.".
10. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери
Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана милдеттери төмөндөгү-
лөрдү камтыйт:
(а) Кыргыз Республикасындагы аба кемелеринин учуусундагы коопсуз-
дукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын аткарылышына такай көзөмөлдү жү-
зөгө ашырууну;
(б) Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана
окуяларды териштирүүнү;
(в) Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринде башка мамле-
кеттердин аймагында болгон авиациялык кырсыктарды жана окуяларды териш-
тирүүгө катышууну;
(г) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту камсыз
кылуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгууну;
(д) Кыргыз Республикасындагы аба транспортунда коопсуздукту көзө-
мөлдөө максатында көзөмөлдөө боюнча органга жүктөлүшү мүмкүн болгон
башка функцияларды жана милдеттерди аткарууну.
Көзөмөлдөө боюнча органдын инспектору Кыргыз Республикасынын аэ-
родромдорунун аймактарына жана аэропортторунун тийиштүү жайларына тос-
коолдуксуз кирүү жана ар кандай граждандык аба кемесинин, ушул кеменин
документтеринин жана экипаж мүчөлөрүнүн кызматтык документтеринин ушул
Кодекстин жана эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын та-
лаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн атайын күбөлүк менен камсыз кы-
лынат.
Көзөмөлдөө боюнча органдын инспекторунун ыйгарым укуктары белгилүү
болгон кемчиликтер же эреже бузуулар жөнүндө Граждандык авиация субъек-
тинин жетекчисине билдирүү жана Граждандык авиация органынын жетекчиси-
не сертификат, лицензия же кандайдыр бир уруксатты берүүдөн баш тартуу,
иштетүүчүнүн сертификатында, лицензияларда же уруксаттарында айтылган,
ошол иштетүүчүнүн же жактын аткаруусу учуулардын коопсуздугунун кызык-
чылыгына карама-каршы келүү же ушул Кодекстин кайсы бир жоболоруна туу-
ра келбегендей каралуучу шарттарга жана чектөөлөргө тыюу салуу, жокко
чыгаруу, убактылуу токтотуу, кайра алып коюу, жоюу же өзгөртүү боюнча
жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча органдын жетекчисине
берүү менен чектелет.".
11. IV главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "IV
глава Абадагы кыймылды тейлөө"
12. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Абадагы кыймылды тейлөөчү орган
Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөөнү абадагы кыймылды
тейлөөнүн бирдиктүү органы (мындан ары - абадагы кыймылды тейлөөчү ор-
ган) жүзөгө ашырат.
Абадагы кыймылды тейлөөчү орган өз ишин Кыргыз Республикасынын
граждандык авиация органы тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүзөгө
ашырат.
Абадагы кыймылды тейлөөчү пункт Кыргыз Республикасынын бүткүл ай-
магынын чегинде жана анын бүткүл аба мейкиндигинин чегинде абадагы кый-
мылды ишеничтүү байкоого алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн, жок
эле дегенде, Кыргыз Республикасынын ар бир аэропортунда жайгашат жана
ал пунктка абадагы кыймылды тейлөө үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.
Абадагы кыймылды тейлөөчү органдын функцияларына жана милдеттерине
төмөндөгүлөр кирет:
(а) абадагы кыймылды тейлөө жана абадагы кыймылды башкаруу;
(б) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аба мейкиндигин кооп-
суз, туруктуу жана натыйжалуу пайдалануу тартибин уюштуруу жана камсыз
кылуу;
(в) мамлекеттик аба кемелеринин абадагы кыймылын тейлөөчү органдар
жана башка тараптар менен аба мейкиндигин пайдалануу маселеси боюнча
эриш-аркак аракеттенүү;
(г) Кыргыз Республикасынын тийиштүү аскердик органдары, граждандык
авиация органдары жана башка ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте
аба мейкиндигиндеги тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана Кыргыз Республи-
касынын аба мейкиндигинде учуу иштерин аткаруунун же аба мейкиндигин
пайдалануунун тартибин белгилөө жана аба мейкиндигин пайдалануучуларга
бул тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө өз убагында билдирүү;
(д) аба мейкиндигинин пайдаланылышын контролдоо жана абадан корго-
нуу органдарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын бузууларды
жана учуу иштерин аткаруунун белгиленген тартибинин дагы башка бузуула-
рын болтурбоого жана токтотууга көмөк көрсөтүү;
(е) аба кемелеринде учуу иштерин аткарууга диспетчердик уруксат-
тарды берүү;
(ж) граждандык авиация органынын уруксатынын негизинде же ал орган
менен макулдашуу боюнча ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасында аба-
дагы кыймылды тейлөөнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аба
мейкиндигин пайдалануунун башка түрлөрүн жүргүзүүгө уруксаттарды берүү;
(з) аэродромдордун айланасында имараттарды, курулуштарды, электр
өткөрүүнүн жогорку вольттуу линияларын жана учуулардын коопсуздугуна
коркунуч келтириши мүмкүн болгон дагы башка объекттерди куруу мүмкүнчү-
лүгүнө корутундуларды берүү;
(и) Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөө жана аба мей-
киндигин пайдаланууну уюштуруу максатында абадагы кыймылды тейлөөчү ор-
ганга жүктөлүшү мүмкүн болгон башка функцияларды жана милдеттерди атка-
руу.".
13. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Абадагы кыймылды тейлөөнүн жана аба мейкиндигин
пайдалануунун эрежелери
Кыргыз Республикасында абадагы кыймылды тейлөө, абадагы кыймылды
башкаруу жана аба мейкиндигин пайдалануу Кыргыз Республикасында абадагы
кыймылды тейлөөнү, абадагы кыймылды башкарууну жана аба мейкиндигин
пайдаланууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык ишке ашыры-
лат.".
14. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылыктар
Аба мейкиндигин пайдаланууда коомдун жана Кыргыз Республикасынын
таламдарын же коопсуздугун камсыз кылууга, табигый кырсыктарда жардам
берүү же гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча функцияларды аткаруу менен
байланышкан иштерге артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасында аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылык
пайдалануучуларга төмөнкүдөй иретте берилет:
(а) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Кыргыз Республикасы-
нын таламдары үчүн Кыргыз Республикасы санкциялаган аскердик операция-
лар;
(б) табигый кырсыктарда, кыйроолордо, аварияларда жана адамдардын
өмүрүнө жана ден соолугуна же Кыргыз Республикасынын таламдарына корку-
нуч келтирген дагы башка өзгөчө учурларда жана кырдаалдарда жардамдашуу
же издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүү;
(в) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун эрежеле-
рин бузууларды болтурбоо боюнча иш-чаралар;
(г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык аткарылуу-
чу атайын учууларды, анын ичинде литердик учууларды аткаруу;
(д) Кыргыз Республикасынын таламдарындагы аскердик ташуулар менен
байланышкан учууларды аткаруу;
(е) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүргүнчүлөр менен аба
аркылуу туруктуу ташууларды аткаруу;
(ж) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүгү жана почта менен
аба аркылуу туруктуу ташууларды аткаруу;
(з) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүргүнчүлөрү менен такай
эмес аба аркылуу ташууларды аткаруу;
(и) граждандык аба кемелеринде бортундагы жүгү жана почта менен
такай эмес аба аркылуу ташууларды аткаруу;
(к) мамлекеттик аба кемелеринде учууларды аткаруу;
(л) башка учууларды аткаруу.".
15. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Байланыш каналдары менен камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга таламдаш ми-
нистрликтер, мамлекеттик башка органдар, мекемелер өздөрүнүн карамагын-
дагы аба кемелеринин учуулары үчүн аба мейкиндигин пайдалануу менен
байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу органдар менен, андан тышкары - абадан
коргонуу органдары менен байланыш каналдарын уюштурууга милдеттүү.".
16. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Учуу ишин жүргүзүү жана аба мейкиндигин пайдалануу
Аба кемелеринин учуу иштерин жүргүзүү, ракеталарды атуу, атуулар,
жардыруу иштери жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу
менен байланышкан иштин дагы башка түрлөрү Кыргыз Республикасында учуу
ишин жүргүзүүнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.".
17. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Өзгөчө абалдагы аракеттер
Өзгөчө абал же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туу-
дурган башка кырдаалдар болгондо Кыргыз Республикасынын мамлекет башчы-
сынын чечими менен Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну
жөнгө салуу боюнча функциялар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын ый-
гарым укуктуу аскердик органына убактылуу өткөрүп берилет. Мындай окуя-
ларда же кырдаалда абадагы кыймылды тейлөө жана аба мейкиндигин пайда-
лануунун тартиби Авиациялык эрежелерде айтылган, Кыргыз Республикасынын
аба мейкиндигин өзгөчө окуялардын же кырдаалдардын убагында тейлөөнүн
жана пайдалануунун тартибин жөнгө салуучу атайын процедураларга ылайык,
же эгерде Авиациялык эрежелердин тийиштүү жоболору мындай учурларда
пайдаланууга мүмкүн эмес болсо же мындай учурларда пайдаланууга жараба-
са, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын нормативдик укуктук актысы-
на ылайык ишке ашырылат.".
18. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Аба жолдору
Аба жолдорунун мүнөздөмөлөрүнө, байланыштын жана аэронавигациянын
ошол аба жолундагы учууларды аткарууда пайдаланылуучу каражаттарына та-
лаптар Кыргыз Республикасынын тийиштүү Авиациялык эрежелеринде белгиле-
нет.".
19. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Учууларга тыюу салынган жана чектөө коюлган жерлер
Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле коом-
дун жана мамлекеттин таламдарында Кыргыз Республикасынын аба мейкинди-
гинде учуулардын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна негизи жок зыян
келтирбеген учууга тыюу салынган же чектөө коюлган зоналар белгилениши
мүмкүн, алардын чектери, жайгашкан орду жана колдонуу мөөнөтү аэронави-
гациялык карталарга түшүрүлөт, аэронавигациялык информациянын жыйнагына
жарыяланат, ал эми антишке мүмкүн болбогон же зарылчылык болбогон учур-
ларда аба мейкиндигин пайдалануучуларга башка документтер же аэронави-
гациялык информациянын каражаттары аркылуу билдирилет.".
20. 26-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин макулдашуу";
1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланыш-
кан иштин бардык түрлөрү ушул Кодекстин, Авиациялык эрежелердин талап-
тарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын абадагы кыймылды тейлөөчү ор-
ганынан жана граждандык авиация органынан алынган тийиштүү уруксатка
ылайык жүзөгө ашырылат.".
26-статьянын 2-бөлүгү алып салынсын.
21. 27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо
Адамдардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү аба кемелеринин кый-
мылдаткычтарынын иштеген учурдагы кулак тундурган үнүнөн жана/же чыгын-
дыларынын зыяндуу таасиринен коргоо максатында аэродромдун айланасында
учуунун атайын схемалары, же аба кемелерин иштетүүнүн режимдери, ошон-
дой эле айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге
ылайык аба кемелеринин техникалык мүнөздөмөлөрүнүн стандарттары же та-
лаптары белгилениши мүмкүн, мындай схемаларда же аба кемелерин иштетүү-
нүн режимдеринде, ошондой эле андай Авиациялык эрежелерде ушул Кодекс-
тин жана башка Авиациялык эрежелердин учуулардын коопсуздугуна карата
талаптары эске алынышы шарт.".
22. 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Аба кемелерин каттоо
Кыргыз Республикасында граждандык аба кемелерин каттоо жана катто-
одон чыгаруу Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин каттоону жөнгө са-
луучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык жүзөгө ашы-
рылат.
Кыргыз Республикасындагы аба кемесинин катталгандыгынын фактысы ал
аба кемесине улуттук жана катталуу белгилерин ыйгаруу жана ал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык аба кемелеринин реестрине тийиштүү
жазуу жазылып, катталганы жөнүндө күбөлүк берүү менен тастыкталат. Аба
кемесинин Кыргыз Республикасындагы каттоодон чыгарылгандыгынын жана/же
ал аба кемесинин катталгандыгы жөнүндөгү сертификаттын күчү жокко чыга-
рылгандыгынын фактысы ал тууралуу Граждандык аба кемелеринин реестрине
тийиштүү жазуу калтыруу менен тастыкталат.
Метеорологиялык гана максатта пайдаланылуучу планерлер, аэростат-
тар же коммерциялык жүгү жок учкучсуз эркин аэростаттар жана ушул сыяк-
туу башка өтө жењил учуучу аппараттар Кыргыз Республикасынын Аба кеме-
леринин реестрине катталбаса да болот. Андай учурда мындай аба кемелери
граждандык авиация органы тарабынан атайын каттоого алынууга тийиш.
Мамлекеттик аба кемелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик аба
кемелеринин реестрине Кыргыз Республикасынын аба кемелерин мамлекеттик
каттоого алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эреже-
лерине ылайык катталат. Мамлекеттик аба кемелерин мамлекеттик каттоонун
эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
23. 30-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-статья. Аба кемелеринин катталгандыгын таануу
Башка мамлекетте катталган бир дагы аба кемеси Кыргыз Республика-
сында катталбайт.
Эгерде аба кемеси Кыргыз Республикасынын Граждандык аба кемелери-
нин реестринен белгиленген тартипте чыгарылбаган болсо, Кыргыз Респуб-
ликасынын аба кемесинин башка мамлекетте катталгандыгын Кыргыз Респуб-
ликасы жарактуу деп тааныбайт.".
24. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Аба кемелериндеги белгилер
Кыргыз Республикасынын чегинде учууну аткарган ар бир аба кемесин-
де тийиштүү улуттук жана каттоо белгилери болот.
Кыргыз Республикасында катталган граждандык аба кемелеринин борту-
на каттоо жана башка белгилерди түшүрүү тартиби Кыргыз Республикасында-
гы граждандык аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы-
нын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
Мамлекеттик аба кемелеринин бортуна каттоо жана башка белгилерди
түшүрүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик аба кемелерин кат-
тоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен
белгиленет.".
25. 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Аба кемесин каттоодон чыгаруу
Граждандык аба кемелери Кыргыз Республикасындагы каттоодон Кыргыз
Республикасындагы аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу Кыргыз Республи-
касынын Авиациялык эрежелерине ылайык төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:
(а) аба кемесинин ээсинин же иштетүүчүнүн арызы боюнча;
(б) аба кемеси Кыргыз Республикасында иштетүүдөн чыгарылганда же
башкача жол менен алынганда;
(в) Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин каттоону жөнгө салуучу
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык башка учурларда.".
26. 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья. Аба кемесинин учууга жарактуулугу
Кыргыз Республикасында катталган ар бир граждандык аба кемесинин
учууга жарактуулугу Кыргыз Республикасындагы граждандык аба кемелерин
сертификациялоону жана учууга жарактуулук нормаларын жөнгө салуучу Кыр-
гыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген учууга жа-
рактуулугу жөнүндөгү сертификаты менен тастыкталат.".
27. 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Типтин сертификациясы
Аба кемесинин конструкциясына карата талаптар, аба кемесинин учуу-
га жарактуулугунун талаптарына ылайыктуулугун тастыктоонун тартиби,
типтин сертификатын берүү жана Кыргыз Республикасындагы аба кемелерин
сертификациялоого байланыштуу дагы башка процедуралар Кыргыз Республи-
касындагы граждандык аба кемелерин сертификациялоону жана учууга жарак-
туулугун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине
ылайык ишке ашырылат.".
28. 36-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья. Учууга жарактуулугу жөнүндөгү сертификаттын таанылышы
Граждандык аба кемесинин учууга жарактуулук сертификаты же ал аба
кемесин мамлекеттик каттоого алуу менен күч берилген сертификат. Граж-
дандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 33-статьясына
ылайык, ал сертификатты берүүдөгү талаптар же күч берилген сертификат
Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү конвенциянын 37-статьясы-
на ылайык кабыл алынуучу минималдуу стандарттарга ылайык келген шартта
Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таанылат.".
29. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Кеме документтери
Кыргыз Республикасынын аймагында учууну аткаруучу ар бир граждан-
дык аба кемесинин бортунда төмөнкүдөй кеме документтери болот:
(а) аба кемесинин каттоого алынгандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
(б) учууга жарактуулук сертификаты;
(в) экипаждын ар бир мүчөсүнө тийиштүү күбөлүктөр;
(г) борт журналы;
(д) борт радиостанциясына берилген уруксат, эгерде бул аба кемеси
радиоаппаратуралар менен жабдылса;
(е) эгерде аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөр ташылса, жөнөгөн жа-
на баруучу жерин көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси;
(ж) эгерде аба кемесинин бортунда жүк ташылса, манифест жана жүк-
түн толук декларациясы;
(з) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бул максат үчүн
каралган башка документтер.
Эгерде аба кемесинин бортунда ушул статьяда каралган кандайдыр бир
кеме документи жараксыз же жок болуп чыкса, граждандык авиация органы-
нын же көзөмөлдөө боюнча органынын инспектору андай аба кемесинин учуу-
сун тиешелүү граждандык авиация органынын же көзөмөлдөө боюнча органдын
жетекчисине токтоосуз түрдө кабарлоо менен токтотуп тура алат.".
30. 44-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44-статья. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде учууну аткарган ар бир
аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүндө Кыргыз Республикасы тарабынан бе-
рилген же ал аба кемесин каттоого алган мамлекет тарабынан күч берилген
күбөлүктөрү болот.
Кыргыз Республикасында авиациялык персоналды сертификациялоо жана
лицензиялоо жана авиациялык персоналга авиациялык сертификаттарды жана
лицензияларды берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасында авиациялык
персоналды сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.
Авиациялык персонал өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жат-
канда жанында алардын бул милдеттерди аткарышына укук берген жарактуу
сертификаттары же лицензиялары болот.".
31. 45-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45-статья. Авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн таануу
Авиациялык персоналга тапшырылган же аба кемесин мамлекет катта-
ганда ага күч берген күбөлүк Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүн-
дөгү конвенциянын 33-статьясына ылайык ал күбөлүктү берүүдөгү же ага
күч берүүдөгү талаптар Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү
конвенциянын 37-статьясына ылайык кабыл алынуучу минималдуу стандарт-
тарга ылайык келген шартта Кыргыз Республикасы тарабынан таанылат.
Кыргыз Республикасы Граждандык авиациянын эларалык уюму жөнүндөгү
конвенциянын 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында же
анын чегинде учууларды аткаруу максаттары үчүн өзүнүн жарандарынын ки-
мисине болбосун башка мамлекет тарабынан берилген авиациялык персонал-
дын күбөлүгүн таануудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.".
32. 53-статьянын 4 жана 5-бөлүктөрү алып салынсын.
33. 57-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57-статья. Аэродромдорду сертификациялоо жана каттоо
Кыргыз Республикасынын граждандык аэродромдорун жана аэропортторун
сертификациялоонун, каттоонун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республи-
касынын аэродромдорун жана аэропортторун каттоону, сертификациялоону
жана иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеле-
рине ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын граждандык эмес аэродромдорун каттоонун,
сертификациялоонун жана иштетүүгө уруксат берүүнүн тартиби мындай аэ-
родромдорду каттоону, сертификациялоону жана иштетүүнү жөнгө салуучу
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аэродромдорун каттоо жана сертификациялоо
фактысы ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү
реестринде тийиштүү жазууну жазуу жана каттоого алынгандыгы жана серти-
фикациялоо жөнүндөгү сертификат же күбөлүк берүү менен тастыкталат.
Аэродромду Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун тийиштүү реест-
ринен чыгаруу жана/же ал аэродромдун катталгандыгы жөнүндөгү сертифи-
катты же күбөлүктү жокко чыгаруу фактысы ал жөнүндө ошол Реестрге тий-
иштүү жазууну жазуу менен тастыкталат.
Кыргыз Республикасынын аэропортторуна эларалык учууларды тейлөөгө
уруксат берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
кабыл алынат.".
34. 61-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61-статья. Аэродромдордун аймагында ар түрдүү объекттерди куруу
жана жайгаштыруу
Аэродромдордун аймагында имараттарды, курулуштарды же объекттерди,
байланыш же электр өткөрүү линияларын же аба кемелеринин жердеги же
борттогу навигациялык жабдуулардын нормалдуу иштешине жолтоо болушу же
аба кемелеринин учуусунун коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн бол-
гон ар кандай жабдууларды, каражаттарды куруу, жайгаштыруу, орнотуу
граждандык авиация органынын уруксаты менен Кыргыз Республикасынын тий-
иштүү Авиациялык эрежелеринде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат, ал
органдарга белгиленген тартипте мындай корутунду берүүгө ыйгарым укук
берилиши мүмкүн.".
35. 66-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-статья. Жер үстүндөгү жана башка тейлөөлөр
Учууларды жана аба кемелерин тейлөөнүн метеорологиялык, техника-
лык, аэропорттук, аэронавигациялык жана башка түрлөрү Кыргыз Республи-
касындагы учууларды жана аба кемелерин жер үстүндөгү жана башка тейлөө-
нү жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерине ылайык аэропорттун тийиштүү
кызматтары жана/же сертификатталган уюмдар тарабынан ишке ашырылат.".
36. 68-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68-статья. Учуу эрежелери
Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик аба кемелери үчүн эрежелер-
ди белгилеген учурда Граждандык аба кемелеринин навигациясынын коопсуз-
дугуна тийиштүү көњүл бурат.
Башка мамлекеттин мамлекеттик аба кемесинин Кыргыз Республикасынын
аймагына же аймагы аркылуу учуусу Кыргыз Республикасы менен ошол мамле-
кеттин ортосунда түзүлгөн макулдашууга же башка документке ылайык бе-
рилген атайын уруксат боюнча ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасында катталган же негизги иштеген жери же турук-
туу жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болгон иштетүүчү иштетип жат-
кан бир дагы аба кемеси ушул Кодекстин жана Граждандык авиация жөнүндө-
гү эларалык конвенциянын 3 bis статьясынын "d" пунктуна ылайык Граждан-
дык авиация жөнүндөгү эларалык конвенциянын максаттарына ылайык келбе-
ген кандайдыр бир максатта атайылап пайдаланылбайт.
Кыргыз Республикасы кандай гана аба кемесин болбосун, эгерде ал
анын аймагынын үстүнөн уруксатсыз учса же эгерде ал ушул Кодекстин же
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин максаттарына туура кел-
беген максаттарда пайдаланылып жатат деп ойлогонго жүйөлүү негиздер
болсо, кайсы бир көрсөтүлгөн аэропортко конууга мажбурлоого укуктуу.
Мында абадагы кыймылды тейлөөчү орган мындай аба кемесине анын бул өњ-
дүү эрежелерди бузуусун токтотуу максатында көрсөтмөлөрдү берүүгө жана
эларалык укуктун, анын ичинде Граждандык авиация жөнүндөгү эларалык
конвенциянын 3 bis статьясынын "а" пунктунун жобосуна ылайык чараларды
колдонууга укуктуу.
Аба кемелерин Кыргыз Республикасынын чегинде кармоо мындай кармоо-
ну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык жасалат. Ал эрежелер Кыр-
гыз Республикасынын Аэронавигациялык информация жыйнагында жарыяланат.
Аба кемесин кармоого байланыштуу Кыргыз Республикасы тарткан чы-
гымдардын баары бул аба кемесин иштетүүчү тарабынан төлөнөт.".
37. 72-статьянын аталышындагы "Аба кемесинин аба кыймылын башкаруу
органдары менен болгон" деген сөздөр алып салынсын.
38. 74-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74-статья. Калк конуштарынын үстүнөн учуу
Аба кемелеринин калк конуштарынын үстүнөн учушу аба кемеси бузул-
ган учурда аны калктуу пункттардын чегинен ары кондурууга мүмкүндүк
берген бийиктикте жүргүзүлүүгө тийиш.
Аэродромдордун аймагында учуунун, издөө жана куткаруу боюнча учуу-
ларды жүргүзгөндө жана ушул сыяктуу шашылыш же өзгөчө абалдарда учуу-
ларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын тийиштүү Авиациялык
эрежелеринде же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын уруксатында ай-
тылат.".
39. 76-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76-статья. Аба кемелеринин радиожабдуусу
Эгерде мамлекет тарабынан каттоого алынган аба кемесине радиобе-
рүүчү аппаратураны орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилген учурда
гана Кыргыз Республикасынын аймагынын чегиндеги учууну ишке ашырган аба
кемеси ага ээ боло алат. Аба кемелеринин радиоберүүчү аппаратураны Кыр-
гыз Республикасынын аймагынын чегинде пайдаланышы Кыргыз Республикасын-
дагы радиоберүүчү аппаратураны аба кемелеринин пайдаланышын жөнгө салу-
учу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
Радиоберүүчү аппаратураны ошол аба кемесине мамлекеттик каттоо
берген, буга атайын уруксаты бар учуу экипажынын мүчөлөрү гана пайдала-
на алышат.".
40. 77-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"77-статья. Байланыш каналдарынын берилиши
Граждандык авиацияда пайдалануу үчүн байланыш каналдарын берүү
Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясында байланыш каналдарын пай-
даланууну жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ылайык мындай ыйгарым
укуктар жүктөлүшү мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым
укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат.
Бөлүп берилген ар бир байланыш каналы катардан чыккан учурда же
анын иши ар кандай токтоп калганда, болгондо да байланыш каналы токтоп
калганда, аэронавигациянын коопсуздугуна коркунуч келтирбегендей кылып
башка байланыш каналы менен алмаштырылат.".
41. 78-статьянын 4-бөлүгү алып салынсын.
42. 79-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79-статья. Радиотехникалык каражаттардын ишиндеги тоскоолдуктарды
четтетүү
Байланыш каражаттарына жана учууларды радиотехникалык жактан кам-
сыз кылууга тоскоолдук кылуучу жабдуулары жана аппараттары бар ишкана-
лар, мекемелер, уюмдар жана граждандар граждандык авиация органынын же
Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча
ал тоскоолдуктарды жоюуга милдеттүү.".
43. 83-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"83-статья. Жоопкерчиликти камсыздандыруу
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде учууларды аткаруучу ар
бир аба кемесинин ээси же иштетүүчү учууга алынган жүргүнчүгө, багажга,
жүккө же почтага, экипаждын мүчөлөрүнө, тейлөөчү персоналга, анын ар
бир кызматынан пайдалануучуга, ошондой эле үчүнчү жактарга учуу мезги-
линде же аба кемесин иштетүү менен байланышкан ишти жүргүзүүдө келти-
рилген зыян үчүн өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.".
44. 84-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"84-статья. Эларалык учууну аныктоо
Ушул Кодекстин максаттары үчүн эларалык учуу деп аба кемеси Кыргыз
Республикасынын же башка мамлекеттин мамлекеттик чегарасынан өткөн учуу
таанылат.".
45. 85-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85-статья. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эларалык
учуулары
Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эларалык учуулары граждан-
дык авиация органынын уруксаты менен ишке ашырылат.
Уруксат берүү аба кемесине жана анын экипажына карата эларалык
учуулардын аткарылышы жагынан, анын ичинде мамлекеттин чегинде ушул аба
кемесинин учушу же ушул иштетүүчүнүн учуулары аткарылып жаткан эреже-
лердин талаптарын кошкондо, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын
бардык талаптары сакталганын билдирет.".
46. 86-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-статья. Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз
Республикасынын чектеринде учушу
Башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын чекте-
ринде учушу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык
келишимдердин негизинде жана шарттарына ылайык, ошондой эле граждандык
авиация органынын тийиштүү уруксаты менен ишке ашырылат.
Башка мамлекеттердин аба кемелеринин учушуна уруксаттарды берүү
башка мамлекеттердин аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагында
жана аймагы аркылуу учууларын жөнгө салуучу Авиациялык эрежелерге ыла-
йык ишке ашырылат.
Башка мамлекеттердин аба кемелерин иштетүүчүлөр Кыргыз Республика-
сынын аба мейкиндигинде учууларды аткаруу үчүн граждандык авиация орга-
нына ушул Кодекске ылайык үчүнчү жактарга жана башка аба кемелерине зы-
ян келтиргени үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башкача камсыз кы-
луу жөнүндөгү документтерди беришет.
Кыргыз Республикасы башка мамлекеттердин аба кемелерине Кыргыз
Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү, почта жана жүктөрдү сый акысы-
на же жалдоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде бара тур-
ган башка пунктка ташуу үчүн бортко алууга уруксат берүүдөн баш тартуу-
га укуктуу. Кыргыз Республикасы башка мамлекетке же кайсы бир башка
мамлекеттин авиаташуучусуна өзгөчө негиздеги ар кандай артыкчылык
берүүчү кандайдыр бир макулдашууларга кошулбайт.".
47. 88-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"88-статья. Эларалык учууларга арналган аба жолдору жана
аэродромдор (аэропорттор)
Аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигиндеги эл ара-
лык учуусу бул үчүн бөлүнгөн аба жолдору жана эларалык аэропорттор ар-
кылуу ишке ашырылат.
Эларалык аэропорт учуулардын коопсуз аткарылышы үчүн зарыл болгон
жер үстүндөгү тейлөөнүн бардык түрлөрүн бардык пайдалануучуларга бирдей
негизде көрсөтөт.
Эларалык учуулар үчүн аба жолдорун жана аэропортторду (аэродром-
дорду) ачуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
Эларалык учуулар үчүн ачылган эларалык аба жолдору жана аэродром-
дор (аэропорттор) боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Аэронавига-
ция информациясынын жыйнагына жарыяланат.".
48. 89-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"89-статья. Эларалык учуу ишин аткарууда учуп келүүнүн жана учуп
кетүүнүн эрежелери
Кыргыз Республикасынын аймагында эларалык учууларды аткаруучу аба
кемелеринин учуп чыгуусуна жана конуусуна эларалык аэропорттордо (аэ-
родромдордо) уруксат берилет.
Ушул статьянын талаптарынан четтөөгө Кыргыз Республикасынын абада-
гы кыймылды тейлөөчү органынын уруксаты жана функциясына жана милдетине
андай уруксаттарды берүү кирген тийиштүү органынын уруксаты менен гана
жол берилет.".
49. 93-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аба кемелерин иштетүүчүлөр, аба кемелерин кабыл алуучу, жасоочу
же тейлөөчү ишканалар, мекемелер, уюмдар жана граждандар Кыргыз Респуб-
ликасынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуучу Авиация-
лык эрежелерге ылайык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо боюнча
чараларды көрүүгө милдеттүү.".
50. 94-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-статья. Жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана багаждарды текшерүү
Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аэропорттордогу укук
коргоо, бажы жана башка ыйгарым укуктуу органдарга, ал эми андай орган-
дар жок болгон учурда - аба кемесинин командирине же анын тапшыруусу
боюнча экипаждын башка мүчөсүнө жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн жана багаж-
дарды текшерүүгө укук берилет. Текшерүүдөн баш тарткан жүргүнчү аба ке-
месинин бортуна киргизилбеши мүмкүн.
Учуп бараткан аба кемесинде зарыл болгон учурда аба кемесинин ко-
мандиринин чечими боюнча жүргүнчүнүн макулдугуна карабастан текшерүү
жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушул статьянын максаты үчүн жүргүнчүлөрдү отургуз-
гандан жана жүктөрдү жүктөгөндөн кийин аба кемесинин бардык эшиктери
жабылган учурдан тартып жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү түшүрүү максатында
эшиктердин кайсынысы болбосун ачылганга чейин аба кемеси учууда деп
эсептелет.
Текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жана текшерүү жүргүзүүгө укуктуу
адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын аба кемесинин бортуна же аэ-
ропорттун атайын зонасына текшерүү жүргүзүүнү жөнгө салуучу тийиштүү
Авиациялык эрежелер менен белгиленет.".
51. 95-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экипаж мүчөлөрүнө жана жердеги тейлөөчү персоналга карата тек-
шерүү иргеп жүргүзүлөт.".
52. 97-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97-статья. Издөө жана куткаруу ишин жүргүзүү";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кырсыкка учурап жаткан же учураган аба кемелерин, жүргүнчүлөр ме-
нен экипаждарды издөөнү жана куткарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Авиациялык издөө-куткаруу кызматы издөөчү-куткаруучу
күчтөрдүн жана каражаттардын суткалык дежурлугун уюштурат. Бул
күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, техниканын жана жабдуулардын тиз-
меси, издөө-куткаруу иштерин башкаруунун тартиби жана кызмат адамдары-
нын милдеттери издөөнү жана куткарууну жөнгө салуучу Авиациялык эреже-
лер менен жөнгө салынат.".
53. 98-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"98-статья. Издөө жана куткаруу иштерин камсыз кылуу".
54. 99-статьянын 2-бөлүгүндөгү "граждандык авиациянын мамлекеттик
башкаруу органы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
55. 101-статьядагы "граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу ор-
ганы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
56. 104-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"104-статья. Авиациялык кокустуктардын жана инциденттердин
аныктамасы
Авиациялык кокустук - бул учуп кетүүнү ойлогон кайсы бир адам
бортко көтөрүлгөндөн тартып борттогу бардык адамдар аба кемесинен түшүп
кеткенге чейинки аба кемесин пайдалануу менен байланышкан окуя жана
анын жүрүшүндө:
(а) кайсы бир адам төмөнкүдөй натыйжалардан улам:
ошол аба кемесинде болгондуктан; же
аба кемесинин кандайдыр бөлүгүнө, анын ичинде ал аба кемесинен бө-
лүнүп ажырап кеткен бөлүктөрүнө урунуудан; же
реактивдүү кыймылдаткычтын газынын агымынын түздөн-түз таасиринен
өлүмгө дуушарланткан же олуттуу мертинткен жаракат алса;
буга мертинүү табигый себептерден улам болгон, өзүн өзү же башка
адамдар жарадар кылган, же адатта жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү гана
бара турган жерлерден тышкары жерлерге жашынып алышкан белетсиз жүргүн-
чүлөр тарабынан жаракат алган учурлар кирбейт; же
(б) аба кемеси сынып же анын конструкциясы бузулуп, анын натыйжа-
сында:
конструкциянын бекемдиги бузулуп; аба кемесинин техникалык же учуу
касиеттери начарлап; жана
адатта чоњ ремонтту же бузулган элементти алмаштыруу керек болгон-
до;
буга кыймылдаткыч иштебей калган же бузулган, кыймылдаткычтын өзү
гана же анын капоту же көмөкчү агрегаттары бузулган; аба же баралары,
канаттын учтары, антенналар, пневматиктер, тормоздук түзүлүштөр, жан-
датмалар гана бузулган же капталында анча чоњ эмес капшыруулар же те-
шиктер болгон учурлар; же
(в) аба кемеси дайынсыз жоголгон же ага жетүү таптакыр мүмкүн бол-
богон жерде болуп калган учурлар кирбейт.
Аба кемесин расмий издөөлөр токтотулганда жана сыныктары жаткан
жер табылбаганда ал дайынсыз жоголду деп эсептелинет.
Инцидент - бул аба кемесин пайдалануу менен байланышкан, авиация-
лык кокустуктан башка, иштетүүнүн коопсуздугуна таасир эткен же таасир
этиши мүмкүн болгон бардык окуялар.
Олуттуу инцидент - болгон жагдайы авиациялык кокустук аз жерден
гана болбой калганын көрсөткөн инцидент.".
57. 105-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105-статья. Авиациялык кокустуктарды териштирүү
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар бир кокустук жана инци-
дент авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүүнү жөнгө са-
луучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык теришти-
рилүүгө тийиш.
Мамлекеттик аба кемесине байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана
инциденттерди ошол мамлекеттик аба кеме карамагында турган органдар же
ведомстволор териштиришет. Эгерде мамлекеттик ошол аба кеме карамагында
турган органдар же ведомстволор мамлекеттик ошол аба кемесине байланыш-
кан авиациялык кокустукту жана инцидентти териштирүүнүн тууралыгын кам-
сыз кылуу максатында башканы талап кылышпаса, мамлекеттик аба кемелери-
не байланыштуу авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирүү
боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ушул Кодекс менен аныкталган
ушул мамлекеттик аба кемелери менен байланышкан аба кокустуктары менен
инциденттердин шайкеш келтирилишин камсыз кылуу максатындагы гана функ-
циялар менен ыйгарым укуктар кирет.
Авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүнүн жападан-жалгыз
максаты келечекте авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди болтурбоо
болуп саналат. Бул иштин максаты кимдир-бирөөнүн күнөөсүнүн же жоопкер-
чилигинин үлүшүн аныктоо болуп эсептелбейт.
Авиациялык кокустуктарды жана инциденттерди териштирген адамдар
мындай териштирүү жүргүзүлүп жаткан аба кемесинин бортуна тоскоолдуксуз
кирүү укугуна ээ болушат.
Авиациялык кокустук же инцидент болгон аба кемесинин ээлери, иштеп
чыккан, жасаган же аба кемесине кандайдыр бир тиешеси бар уюмдар ал
авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүчү органдын суроо-талабы
боюнча колунан келген жардамын көрсөтүшөт жана колдо болгон бардык маа-
лыматтарды беришет.
Авиациялык кокустуктарды же инциденттерди териштирүүгө териштирүү-
нүн кызыкчылыгы же териштирүүчү орган өзүнүн функцияларын тийиштүү
түрдө аткарышы үчүн кызматы зарыл болуучу ар кандай адистер же уюмдар
тартылышы мүмкүн. Бул адистердин же уюмдардын корутундулары же отчетто-
ру авиациялык кокустуктарды же инцидентти текшерүү боюнча орган тарабы-
нан бекитилет.
Башка мамлекеттин аба кемеси Кыргыз Республикасынын аймагында ави-
ациялык кокустукка же олуттуу инцидентке учураса Кыргыз Республикасы
Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына ылай-
ык:
(а) Граждандык авиациянын эларалык уюмунун жол-жоболоруна ылайык
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын канчалык жол беришине жараша ал
кокустукка же инцидентке териштирүү дайындайт;
(б) ошол аба кемеси катталган мамлекетке териштирүүгө катышуу үчүн
байкоочуларды дайындоого мүмкүндүк берет жана ал мамлекетке бул териш-
тирүү тууралуу отчет жана корутунду жиберет.
Кыргыз Республикасында катталган аба кемеси башка мамлекеттин ай-
магында авиациялык кокустукка же инцидентке учураганда Кыргыз Республи-
касы Эларалык граждандык авиация жөнүндөгү конвенциянын 26-статьясына
ылайык андай авиациялык кокустукту же инцидентти териштирүүгө катышуу
үчүн жана ал териштирүү жөнүндө отчет жана корутунду алууга жетишет.".
58. 106-статьянын 1-бөлүгүндөгү "граждандык авиациянын мамлекеттик
башкаруу органына" деген сөздөр "граждандык авиация органына" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
59. 111-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111-статья. Авиациялык кокустуктардын эсебин алуу
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон ар бир авиациялык кокус-
тук, инцидент жана олуттуу инцидент, ошондой эле Кыргыз Республикасында
катталган аба кемелеринде болгон ушундай кокустуктар аба кемеси кайсы
гана жерде жүрбөсүн, граждандык авиация органында эсепке алынууга тий-
иш.
Мамлекеттик аба кемелеринде болгон авиациялык кокустуктардын эсе-
бин алуу ал аба кемеси карамагында турган Кыргыз Республикасынын органы
тарабынан жүргүзүлөт.".
60. 112-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"112-статья. Иштетүүчүнү аныктоо
Ушул Кодекстин максаты үчүн иштетүүчү деген аба кемесин иштетүү
боюнча алектенүүчү же бул жагынан өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сунуш кы-
луучу адамды, уюмду же ишкананы билдирет.
61. 113-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"113-статья. Артыкчылыктуу ээлик кылуу жана контроль
Кыргыз Республикасында авиация ишканасына толук жана артыкчылыктуу
ээлик кылуу жана чыныгы контроль жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жеке
же юридикалык жагына таандык. Мындай нормадан четтөөгө ар бир конкрет-
түү учур үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү нормативдик
укуктук актында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын таламда-
рында жана Кыргыз Республикасынын граждандык авиация тармагынын өнүгүү
муктаждыгы үчүн жол берилет.".
62. 115-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына болгон талаптар
Аба аркылуу ташууларды жана авиациялык атайын иштерди ишке ашыруу
эрежелери жана ошондой эле авиаташуучуга (иштетүүчүгө) көрсөтүлүүчү
кызматтардын сапатына болгон талаптардын минималдуу дењгээли Кыргыз
Республикасынын тийиштүү Авиациялык эрежелеринде жана/же аба аркылуу
ташууларды жана авиациялык атайын иштерди ишке ашыруу тартибин жөнгө
салуучу дагы башка нормативдик укуктук актыларда камтылат.
Ташуучу Кыргыз Республикасында аба аркылуу ташууларды жөнгө салуу-
чу Авиациялык эрежелерде жана/же Кыргыз Республикасындагы аба аркылуу
ташуулардын эрежелерин жөнгө салуучу дагы башка нормативдик укуктук ак-
тыларда көрсөтүлгөндөн начар шарттарды белгилеген ташуу эрежесин кирги-
зүүгө укугу жок.".
63. 116-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"116-статья. Ташуучулардын тарифтери жана жыйымдары
Авиаташуучу өзүнүн такай учууларын аткара баштаганга чейин граж-
дандык авиация органына өзүнүн ташууларын ишке ашырганда колдонулуучу
тарифтерди жана жыйымдарды жактырууга берет.
Авиаташуучулардын тарифтерин жана жыйымдарын жактыруу ошол марш-
руттагы же ушул маршруттун участогундагы бир авиаташуучу колдонуучу та-
рифтер жана жыйымдар ушул эле маршрутта же ушул маршруттун участогунда
ошол сыяктуу ташууларды аткаруучу башка авиаташуучуга кандайдыр бир жол
менен зыян келтирсе же чыгым келтирүү божомолдонуп жаткан учурларда
колдонулат. Мында чартердик же башка такай эмес ташуулар үчүн граждан-
дык авиация органы тарифтердин жана жыйымдардын минималдуу өлчөмүн гана
белгилей алат.".
64. 117-статьядагы "граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу ор-
ганы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
65. 118-статьядагы "граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу ор-
ганы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
66. 120-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы"
деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
3-бөлүктүн 2-пунктундагы "граждандык авиациянын мамлекеттик башка-
руу органы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
67. 121-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"121-статья. Аэронавигациялык, аэропорттук жана башка жыйымдарды
төлөө
Кыргыз Республикасынын аймагынын же Кыргыз Республикасынын абадагы
кыймылды тейлөөчү органынын жоопкерчиликтүү зонасынын чегинде учууларды
аткаруучу аба кемелеринин бардык иштетүүчүлөрү аэронавигациялык кара-
жаттардан жана учууларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пай-
даланганы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жана Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзам чыгаруу органынын тиешелүү комитети менен макулда-
шылган мамлекеттик алымдарды, салыктарды жана башка аэропорттук же
бөлөк жыйымдарды төлөшөт. Бул нормадан четтөөгө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн атайын чечими менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана
коомдук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгы үчүн учууларды аткару-
учу аба кемелерине карата гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
белгиленген тартипте жол берилет.".
68. 122-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"122-статья. Авиаишканалардын иштерине контроль
Эгерде иштетүүчүнүн берилген уруксаттардын, лицензиялардын, ушул
Кодекстин же Авиациялык эрежелердин талаптарын аткарбаганы аныкталса,
анда мындай иштетүүчүгө карата эскертүү, ага берилген сертификаттарды,
лицензияларды же уруксаттарды алып коюу, токтото туруу же жоюу түрүндө-
гү тийиштүү санкциялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тийиштүү
мыйзамдарында каралган башка чаралар колдонулат, алар бул өњдүү аткар-
боону же эреже бузууну четтетүү үчүн шайкеш чара катары каралышы
мүмкүн.".
69. 123-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"123-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо
Аба кемелерин иштетүүгө же тейлөөгө, авиациялык персоналды даяр-
доого же учуулардын коопсуздугуна тиешеси бар башка кызматтарды көрсө-
түү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасында иштин
бул түрлөрүн сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык берилген сертификаттын
жана/же лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.
Сертификат - бул жеке адамдын же юридикалык жактын, аба кемесинин
же авиациялык буюм-тайымдын, жол-жоболордун, эрежелердин же практиканын
ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин та-
лаптарына дал келишин ырастоочу документ.
Лицензия - бул аба кемесин же башка авиациялык буюм-тайымды иш-
тетүүгө же тейлөөгө, учууларды тейлөөгө же камсыз кылууга, авиациялык
персоналды окутууга, же учуулардын коопсуздугу же аба транспортун пай-
далануучулардын укуктарын жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо
максатында аба кемесинин башка иштетүүчүлөрүнө башка ар кандай кызмат-
тарды көрсөтүүгө укук берүүчү документ.
Ар кандай сертификатта же лицензияда мөөнөттөр, чектөөлөр, атайын
артыкчылыктар же Авиациялык эрежелерде жана/же граждандык авиациядагы
ишкерлик ишин сертификациялоону жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз
Республикасынын тиешелүү нормативдик укук актыларында камтылган аларды
пайдалануунун же колдонуунун башка өзгөчө шарттары айтылышы мүмкүн.".
70. 124-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"124-статья. Иштетүүчүнүн сертификатыы берүүгө карата талаптар
Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар аба кемелерин
иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде
айтылат. Мында эгерде иштетүүчүнүн өз менчигинде учууга жарактуу жана
иштетүүчү тарабынан айтылган аба аркылуу ташууларды ишке ашырууга ылай-
ыктуу, жок эле дегенде, жалгыз аба кемеси же авиациялык атайын иштердин
аба кемеси, башкаруу персоналы, өндүрүштүк жана административдик жайла-
ры, техникалык каражаттары, жабдуу бул аба кемесин иштетүү, аба аркылуу
ушул ташууларды же авиациялык атайын жумуштарды ишке ашыруу, ошондой
эле авиаташуучунун (иштетүүчүнүн) белгиленген талаптарга ылайык милдет-
тенмесин аткаруу үчүн зарыл болгон дагы башка мүмкүнчүлүктөр болбосо,
иштетүүчүгө ар кандай учурда сертификат берилбейт.".
71. 129-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"129-статья. Сертификациялоо жана лицензиялоо боюнча чыгымдарды
төлөө
Сертификат же лицензия алууга ар бир арыз берүүчү граждандык авиа-
ция органына сертификациялоо жана/же лицензиялоо менен байланышкан чы-
гымдардын наркын Кыргыз Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук
актысында белгиленген тартипте төлөйт.".
72. 132-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"132-статья. Ташуу документтери
Жүргүнчүлөрдү, багажды, почтаны жана жүктөрдү ташуу келишими авиа-
ташуучунун авиабелетти, тийиштүү квитанцияларды бериши жана тийиштүү
авиаташуу документтерин жолжоболоштурушу менен күбөлөндүрүлөт.
Авиабелеттердин, квитанциялардын, жүктүн коштоочу жана башка ташуу
документтеринин формалары мындай документтерди чыгарууну, жол-жоболош-
турууну жана колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык
эрежелери менен жөнгө салынат.".
73. 133-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"133-статья. Балалуу жүргүнчүлөрдүн укуктары
Ташуучу жүргүнчүгө же ташуучунун кызматынан пайдаланып жаткан жак-
ка учуу графиги же маршруту, же анын кызыкчылыгын козгошу мүмкүн болгон
ташуунун башка шарттарынын ар кандай өзгөргөнү тууралуу алдын ала ка-
барлайт.
Эки жашка чейинки курактагы балдары бар жүргүнчүлөр Кыргыз Респуб-
ликасынын аэропортторунун же авиаташуучуларынын андай жүргүнчүлөргө аэ-
ропортто учуу кечиккен же орто аралыкта конгон учурда эс алуу үчүн та-
шуучунун же андай кечигүүгө себепкер болгон аэропорттун эсебинен атайын
жайды берүү кызматтарынан пайдаланууга укуктуу.".
74. 146-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"146-статья. Жүктүн жана багаждын жоголгону, кемигени же зыянга
учураганы үчүн ташуучунун жоопкерчилигинин өлчөмү
Жүктүн, багаждын же жүргүнчүнүн жанындагы буюмдун жоголгону, кеми-
гени же зыянга учураганы үчүн ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жоопкерчи-
лик тартат:
(а) баасы белгиленип кабыл алынган жүктүн же багаждын жоголгону же
кемигени үчүн, - белгиленген баанын өлчөмүндө, эгерде ташуучу белгилен-
ген баа чыныгы нарктан ашык экенин далилдесе, - чыныгы нарктын өлчөмүн-
дө;
(б) баасы белгиленбей кабыл алынган жүктүн же багаждын, ошондой
эле жүргүнчүнүн жанындагы буюмдун жоголгону, зыянга учураганы же кеми-
ген үчүн, - чыныгы наркынын өлчөмүндө, бирок Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон
эларалык келишимдерде колдонулуучу чектен жогору эмес".
75. 147-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"147-статья. Жүргүнчүнү, багажды же жүктү жеткирүү мөөнөтүн
создуктурганы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги
Эгерде ташуучу жүргүнчүнү, багажды же жүктү жеткирүү мөөнөтүн соз-
дуктурууну болтурбай коюу үчүн зарыл чаралар көрүлгөнүн же андай чара-
ларды көрүүгө мүмкүн болбогонун далилдей албаса, анда жүргүнчүнү, ба-
гажды же жүктү жеткирүүнү кечиктирген үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде
создугуу метеорологиялык ыњгайсыз шарттардан же башка форс-мажордук
жагдайлардан улам келип чыкса, ташуучу жоопкерчиликтен бошотулат.
Жоопкерчиликтин өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыр-
гыз Республикасы катышуучусу болгон эларалык келишимдер менен белгиле-
нет.".
76. 150-статьядагы "же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери
менен" деген сөздөр алып салынсын.
77. XVII главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "XVII
глава. Авиациялык атайын жумуштар".
78. 163-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"163-статья. Авиациялык атайын жумуштардын аныктамасы
Авиациялык атайын жумуштарга аба кемесинин учуусу кирет, анын жү-
рүшүндө аба кемеси айыл чарбасы, курулуш, сүрөткө тартуу, топографиялык
сүрөткө тартуу, байкоо жүргүзүү жана патрулдоо, издөө жана куткаруу,
абадагы реклама сыяктуу тармактарда тейлөөнүн түрлөрүн жана тейлөөнүн
башка ушул өњдүү түрлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.".
79. 164-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"164-статья. Авиациялык атайын жумуштарды аткаруунун тартиби
Авиациялык атайын жумуштардын түрлөрүнүн тизмеси жана аларды атка-
руунун тартиби Кыргыз Республикасындагы авиациялык атайын жумуштарды
аткарууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери ме-
нен белгиленет. Эгерде Кыргыз Республикасынын экологияны коргоо тарма-
гындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгына байланыштуу болсо,
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийлигинин ар бир органы ошол бийлик
органынын юрисдикциясындагы аймактын чегинде авиациялык атайын жумуш-
тардын аткарылышына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.".
80. 166-статьядагы "граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу ор-
ганы" деген сөздөр "граждандык авиация органы" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
81. 172-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"172-статья. Жалпы максаттагы авиациянын аба кемесинин учушун
аныктоо
Жалпы максаттагы авиациянын аба кемесинин учушу - бул аба кемеси-
нин аба аркылуу коммерциялык ташуудан же авиациялык жумуштарды аткаруу-
дан башка учуусу.
82. XX главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "XX глава.
Корутунду жоболор".
83. 179-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179-статья. Корутунду жоболор
Граждандык авиациянын иштерин жөнгө салуучу жана ушул Кодексте
шилтемеси бар бардык документтер:
(а) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кайра каралууга, оњдолууга,
толукталууга же бузулууга тийиш;
(б) ушул Кодекстин 2-статьясында аныкталган аталыштарды эске алуу
менен жана ал документтер жөнгө салуучу чөйрөгө ылайык өзгөртүп аталуу-
га тийиш;
(в) бул документтер жөнгө салуучу чөйрөгө ылайык толугу менен же
айрым бөлүгү Авиациялык эрежелерге киргизилүүгө тийиш;
(г) ушул статьянын "а" - "в" пункттарынын талаптары аткарылганга
чейин ушул Кодекске жана Авиациялык эрежелерге карама-каршы келбеген
бөлүгүндө колдонулууга тийиш.".
2-статья.
4, 5, 6, 12, 14, 19, 20, 21, 22, 28, 35, 37, 39, 43, 46, 48, 49,
50, 51, 52, 54, 58, 62, 64, 65, 67, 70, 71, 73, 82, 87, 90, 110, 114,
119, 165, 167, 168, 173, 174, 175, 176, 178, 180, 181-статьялар алып
салынсын.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган