Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 13-июнундагы № 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ2007-жылдын 20-августу № 155 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењеши жөнүндө 2007-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык КыргызРеспубликасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин стату-сун, аны түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин аныктайт. 1-глава Жалпы жоболор 1-статья. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењештин статусу жана анын негизги милдеттери 1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук ке-њеши (мындан ары - Улуттук кењеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялуу орган болуп эсептелет. 2. Улуттук кењештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын жерги-ликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынынбош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого жана ко-торууга (ротациялоого), кызматынан четтетүүгө жана бошотууга сунуштооболуп эсептелет.". 2-статья. Улуттук кењеш жөнүндө мыйзамдар Улуттук кењешти уюштуруу, анын ишинин тартиби жана ыйгарым укукта-ры Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын судья-ларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы,ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ме-нен аныкталат. 3-статья. Улуттук кењештин ишинин принциптери Улуттук кењеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, ачык айкындуулук,коллегиялуулук, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптеринде жүзөгөашырат. 4-статья. Улуттук кењештин ыйгарым укуктары 1. Улуттук кењеш: 1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстуктандоо өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жанаКыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат ордуна та-лапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат;"; 2) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөндөгүлөрдү киргизет: - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республи-касынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат орундарына талапкердидайындоо тууралу сунуштама; - жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Кыргыз Республикасынынжергиликтүү сотунун төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо жөнүндөсунуштаманы; - Судьялар кењешинин тиешелүү корутундусунун негизинде жергиликтүүсоттун судьясын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш-ту; - жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) жөнүндөтиешелүү сунуштарды; - судьялардын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамда каралганучурларда жергиликтүү соттун судьясын кызматынан четтетүү жөнүндө жеаны кайра кызмат ордуна калтыруу жөнүндө сунушту. 3) Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын соттуктартипте берилүүчү жазык жана административдик жоопкерчиликке тартуугамакулдук берет 2. Улуттук кењеш ошондой эле судьялардын статусу жөнүндө конститу-циялык мыйзамда жана ушул Мыйзамда белгиленген дагы башка ыйгарым укук-тарга ээ. 3. Улуттук кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн бардыкмамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан зарыл маалыматты сурапалууга, өзүнүн жыйындарына мамлекеттик кызмат адамдарын жана жарандардычакырып алууга укуктуу. 5-статья. Улуттук кењештин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу 1. Улуттук кењештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук негизде жүзөгөашырат. Улуттук кењеш иштеп жаткан мезгилде Улуттук кењештин мүчөлөрүөздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулуп, негизги иштегенжери боюнча айлык акысы сакталат. 2. Улуттук кењештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалыкжана методикалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын сот де-партаменти ишке ашырат. 2-глава Улуттук кењешти түзүү 6-статья. Улуттук кењештин курамы 1. Улуттук кењеш 16 мүчөдөн турат: 1) Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин төрт өкүлүнөн; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин төрт өкүлүнөн; 3) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин төрт өкүлүнөн; 4) коомдук бирикмелердин төрт өкүлүнөн. 2. Улуттук кењештин толук курамы Кыргыз Республикасынын Президен-тинин жарлыгы менен бекитилет. Улуттук кењештин жањы курамы бекитилгенкүндөн тартып Улуттук кењештин мурдагы курамы ишин токтотот. 3. Улуттук кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялыксотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары жана алардынорунбасарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешининкурамына кирген судьялар кире албайт. 7-статья. Улуттук кењешти түзүү 1. Сот бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Соттор кењешитарабынан шайланат. 2. Мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-таттарынын ичинен дайындалат. 3. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан аныкталат. 4. Коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн талапкерлери коомдук бирикме-лердин чогулуштарында шайланат. Коомдук бирикме өз бетинче же башка коомдук бирикмелер менен бир-дикте Улуттук кењешке төрткө чейинки талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.Уюмдаштыруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган коомдук бирикме-нин тиешелүү чечими юридикалык жакты каттоо жөнүндө ырастаманын көчүр-мөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет. Улуттук кењештин курамына коомдук бирикмелерден сунушталган талап-керлердин саны төрттөн ашык болсо, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиУлуттук кењештин курамына төрт талапкерди тандап алат. 5. Улуттук кењештин төрагасы жана анын орун басары жашыруун добушберүү менен Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткөшайланат. Мында Улуттук кењештин төрагасы жана анын орун басары бир элебийлик бутагынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү боло алышпайт. 8-статья. Коомдук бирикмелерден Улуттук кењештин мүчөлүгүнө талап- керлерге коюлуучу талаптар Улуттук кењештин курамына коомдук бирикмелерден сунушталган адам-дар юриспруденция жагында терењ кесиптик билимге, юридикалык адистикбоюнча кеминде беш жылдык иш тажрыйбасына, принципиалдуулукка, кынтык-сыз абройго ээ болууга жана соттуулугу жок болууга тийиш. 9-статья. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 1. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - үчжыл. 2. Улуттук кењештин мүчөсү анын курамынан чыгып калган учурда,Улуттук кењештин жањы мүчөсү Улуттук кењештин курамынын калган ыйгарымукуктарынын мөөнөтүнө эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгөтийиш. Улуттук кењештин жањы мүчөсүн коомдук бирикмелерден жиберүүнүнтартиби ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 4-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. 3. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашуун Улуттук кењешкемүчө боло албайт. 10-статья. Улуттук кењештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негиздери 1. Улуттук кењештин мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөндөгүдөй негиздербоюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот: 1) берген арызына ылайык өз каалоосу боюнча; 2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашооүчүн чыгып кетишине байланыштуу; 3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна байланыштуу; 4) соттун күнөө коюучу өкүмү күчүнө киришине байланыштуу; 5) аны жоопкерчиликке чектелүү кудуреттүү же жоопкерчиликке куду-реттүү эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киришине байланыш-туу; 6) анын өлгөндүгүнө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечимикүчүнө киришине байланыштуу; 7) аны дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кири-шине байланыштуу; 8) жүйөөлүү себептерсиз Улуттук кењештин жыйналыштарына катары ме-нен үч жолу келбегендигине байланыштуу. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, КыргызРеспубликасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү,дагы башка мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелген Улуттук кењештинмүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининдепутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктарынынмөөнөтү аяктаганда же Кыргыз Республикасынын судьясы кызмат ордунанмөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү,мамлекеттик кызматчы кызмат ордунан бошотулган учурларда мөөнөтүнөнмурда токтотулат. 3-глава Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 11-статья. Улуттук кењештин төрагасынын ыйгарым укуктары 1. Улуттук кењештин төрагасы: 1) Улуттук кењештин ишин уюштурат, жыйналыштарды чакырат, Улуттуккењештин жыйналыштарында кароо үчүн маселелерди даярдоого жетекчиликтижүзөгө ашырат; 2) Улуттук кењештин жыйналыштарында төрагалык кылат жана анын че-чимдеринин аткарылышын камсыз кылат; 3) Улуттук кењешке берилген документтерди текшерүүнү уюштурат; 4) Улуттук кењеш тарабынан бекитилүүчү тесттик тапшырмаларды жанамилдеттерди жыл сайын жањыртууну камсыз кылат; 5) Улуттук кењештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жанаанын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча чара көрөт; 6) ушул Мыйзам менен ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгөашырат. 2. Улуттук кењештин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттеринубактылуу аткаруу анын орунбасарына жүктөлөт. Улуттук кењештин төрага-сынын орунбасары жок болгон учурда төраганын милдеттерин аткаруу Улут-тук кењештин чечими менен анын мүчөлөрүнүн бирөөнө жүктөлөт. 12-статья. Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн укуктары Улуттук кењештин мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) Улуттук кењештин кароосуна берилген материалдар менен таанышуу-га; 2) материалдарды иликтөөгө жана текшерүүгө катышууга; 3) ачык добуш берүү жолу менен чечим кабыл алынышына катышууга; 4) Улуттук кењештин чечимине кол коюуга; 5) өзгөчө пикирде болууга. Өзгөчө пикир ар бир талапкер боюнча ма-териалдарга кошулат. 4-глава Улуттук кењештин жыйналыштары 13-статья. Улуттук кењештин жыйналыштары 1. Улуттук кењеш өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша өткөрөт. 2. Улуттук кењештин жыйналышы, эгер ага анын мүчөлөрүнүн жалпы са-нынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, ачык өткөрүлөт жана укук ченемдүүболуп саналат. 3. Улуттук кењештин жыйналышын өткөрүү убактысы жөнүндө анын мүчө-лөрүнө жана чакырылган адамдарга кеминде беш календарлык күндөн кечик-тирилбестен маалымдалат. 4. Улуттук кењеште маселеси каралган адам чогултулган бардык мате-риалдар менен өзүнүн каршы пикирлерин жана сын пикирлерин билдирүү мүм-күнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жыйналыштан кеминде беш күн мурда таанышуугаакылуу. 14-статья. Улуттук кењештин жыйналышын өткөрүүнүн тартиби 1. Улуттук кењештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, коомдукбирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. 2. Улуттук кењештин жыйналышында чечиле турган маселелерди кароотөрагалык кылуучунун же Улуттук кењештин кароосуна келип түшкөн сунуш-таманы жана башка материалдарды алдын ала иликтеген мүчөсүнүн баяндама-сы менен башталат. Андан кийин Улуттук кењештин жыйналышына чакырылганадамдар утулат, зарыл болгон материалдар иликтенет. 15-статья. Улуттук кењештин чечимдери 1. Улуттук кењештин чечимдери жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүначык көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 2. Улуттук кењештин чечимдери корутунду формасында чыгарылат жанаалар чыгарылган датаны жана жерди, маселени караган Улуттук кењештинкурамын, кабыл алынган чечимдин жүйө - себептерин камтууга тийиш. Че-чимге төрагалык кылуучу жана жыйналышка катышкан Улуттук кењештин мүчө-лөрү кол коюшат. 3. Улуттук кењештин чечими маселе каралып жаткан адамдардын каты-шуусунда угузулат. Кызыкдар адамдар чечимдин көчүрмөсүн кабыл алынган-дан кийин беш күндүн ичинде алууга укуктуу. 4. Добуш берүү ар бир талапкер боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Улуттуккењештин мүчөлөрү добуш берүүдө калыс калууга акылуу. 5. Добуштар тењ болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүү-чү добуш болуп саналат. 5-глава Кортунду жоболор 16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Ушул Мыйзамга ылайык үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Сотадилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин жањы курамы шайланат. 3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Сот адилеттиги иштери боюнчаУлуттук кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењешинин курамы тү-зүлгөнгө чейин сактайт. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев