Бишкек шаары2007-жылдын 1-ноябры № 160 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2007-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-ж., 11-май, №34) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьядагы "28192549,2", "34136738,2" деген сандар тиешелүүтүрдө "28942549,2", "34886738,2" деген сандар менен алмаштырылсын. 2. № 1 жана 2 тиркемелер ушул Мыйзамдын № 1 жана 2 тиркемелеринеылайык редакцияда баяндалсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев