Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 9-ноябры № 162
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
2007-жылдын 21-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко- дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 389-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу
Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, -
жарандарга - онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Ошол эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, -
Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим менен же анысы жок онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жана жеке жактардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка ишти жүргүзүүнүн тартибин бузушу, -
жарандарга - эскертүү же бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Ошол эле аракеттер кайталанып жасалганда, -
ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 389-1, 389-2, 389-3-статьялар менен толукталсын:
"389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу
Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, -
эскертүүгө же бирден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
389-2-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу, -
эскертүүгө же бирден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, -
Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып салуу менен же анысы жок бирден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
389-3-статья. Чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө, -
бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде ошол эле аракеттер кайра кайталанганда, -
ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 402-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы, -
кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 415 жана 416-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу
Иш кагаздарын, өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу, ошондой эле документтерди сактоонун белгиленген шарттары жок болгондо, -
кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жана илимий - техникалык жактан иштеп чыгуу, көктөмөлөрдүн тизмелерин түзүүнү жүргүзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, -
кызмат адамдарына - отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге документтерди, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди өткөрүп берүүдөн негизсиз баш тартышы, -
кызмат адамдарына - эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан, мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайрадан уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архив документтерин укук мураскерине же андай жок болгондо - тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлбөгөндө, -
кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык - укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн негизсиз баш тартканда, -
кызмат адамдарына - эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, -
кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү -
кызмат адамдарына - бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекетке тиешелүү болгон документтерин мыйзамсыз сатып алуу - сатуу жана мыйзамга каршы дагы башка бүтүмдөр, -
жарандарга - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.
416-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди да жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу, -
жарандарга - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "400-1-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "400-1-статьясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 512-1-статья менен толукталсын:
"512-1-статья. Чек ара кызматынын органдары
Чек ара кызматынын органдары ушул Кодекстин 389, 389-1, 389-2, 389-3-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.
Чек ара контролун жүргүзгөн учурда администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө чек ара бөлүктөрүнүн, чек ара комендатураларынын командирлери, чек ара заставаларынын начальниктери, чек ара бөлүмдөрүнүн жана чек ара контролу бөлүмдөрүнүн начальниктери, чек ара наряддарынын смена начальниктери укуктуу.".
7. 513-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"513-статья. Юстиция органдары
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык башкаруу органдары ушул Кодекстин 395-статьясынын 1-пунктчасында, 400-статьясынын биринчи бөлүгүндө,
401-403-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу.
400-статьянын биринчи бөлүгү, 401 жана 403-статьялар менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын мыйзамдар жана укуктук экспертиза боюнча структуралык подразделениесинин начальниги жана юстиция башкармалыгынын аймактык органдарынын начальниктери;
395-статьянын 1-пунктчасы, 402-статья менен - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик каттоо боюнча структуралык подразделениесинин начальниги жана юстиция башкармалыгынын аймактык органдарынын начальниктери.".
8. 543-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"543-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары ушул Кодекстин 415 жана 416-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:
- архив иштерин башкаруунун республикалык органынын жетекчиси жана анын орун басары;
- архивдерди башкаруунун мамлекеттик аймактык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |