Бишкек шаары2007-жылдын 15-ноябры №168 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионундагы тез жайылтылуучы жамааттык күчтөрүн ыкчам жайылтуунун, колдонуунун жана ар тараптан камсыздоонун тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2007-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык кооп-суздуктун Борбордук Азия регионундагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүныкчам жайылтуунун, колдонуунун жана ар тараптан камсыздоонун тартибижөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунункүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду КыргызРеспубликасынын аткаргандыгы жөнүндө жамааттык коопсуздук тууралу Ма-кулдашуу Уюмунун Катчылыгына билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев