Бишкек шаары2007-жылдын 15-ноябры № 171 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августундагы кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жактан 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу протокол ратификациялоо жөнүндө 1-статья. Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августундагы кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн орто-сундагы чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Экономикалык, или-мий-техникалык жана гуманитардык жактан 2004-жылдын 24-июлундагы макул-дашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
протокол ратифи-кациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан Республи-касына Кыргыз Республикасы аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарылболгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2007-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган