Бишкек шаары2007-жылдын 13-июну № 88 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу 2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: ар кандай жөндөмөдөгү "арбитраждык сот" деген сөздөр тийиштүүжөндөмөдөгү "сот" деген сөз менен алмаштырылсын; ар кандай жөндөмөдөгү "Арбитраждык процесстик кодекс" деген сөздөртиешелүү жөндөмөдөгү "Жарандык процесстик кодекс" деген сөздөр мененалмаштырылсын; ар кандай жөндөмөдөгү "Жогорку Арбитраждык сот" деген сөздөр тие-шелүү жөндөмөдөгү "Жогорку сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "арбитраждык процессте" деген сөздөр "сот процессинде" дегенсөздөр менен алмаштырылсын. 2. 27-19-статьяда: 3 жана 4 -пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күнөткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. 4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысычыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн."; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толуктал-сын: "5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысымыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө даттаны-лышы мүмкүн. 6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же кассация-лык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылы-шы мүмкүн.". 3. 27-25-статьяда: 2-пункттун 1-пунктчасындагы "арбитраждык" деген сөз алып салынсын; 3-пункттагы "даттанууга мүмкүн эмес" деген сөздөр "даттанса болот"деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. 27-32-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы өндүрүш 1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялыкинстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр мененКыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашы-рылат. 2. Апелляциялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко соттарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн аралы-гында берилет. 3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко соттарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн ара-лыгында берилет. 4. Апелляциялык же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндөапелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы дат-тануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат. 5. Апелляциялык же кассациялык даттануу ал сотко келип түшкөнкүндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев