Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 9-августу № 139
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр
киргизүү тууралу
2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-
га байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
кирешелерди жана мүлктү легалдаштырууга байланышкан нотариустук аракет-
терди аткаргандык үчүн.";
3-5-бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша 4-6-бөлүктөр деп эсептелсин.
2. 28-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаш-
тыруунун субъектисине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимди
күбөлөндүрөт.";
статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы нота-
риустук аракеттер киреше салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу
мүмкүн.".
2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул
Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пунктунан башкасы "Акча каражаттарын, кыймыл-
дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин
күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев