Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                   Кыргыз Республикасынын          2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамына ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ         Бишкек шаары2007-жылдын 27-декабры №176                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө 2007-жылдын 27-декабрында          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши                                   тарабынан кабыл алынган                        (Кыргыз Республикасынын               2008-жылдын 9-июнундагы № 112 Мыйзамынын                         редакциясына ылайык)      1-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү бекитилсин:     Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлиги;     Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;     Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;     Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай,  энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги;     Кыргыз Республикасынын  Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комите-ти;     Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитети;     Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитети;     Кыргыз Республикасынын  Салыктар  жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитети;     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.      2-статья.      Ушул Мыйзам менен бекитилген түзүмгө ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү төмөнкүлөрдөн тура тургандыгы белгиленсин:     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;     Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;     Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;     Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри;     Кыргыз Республикасынын министрлери;     Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары.      3-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын жетекчилиги ме-нен төмөнкү административдик ведомстволор иштей тургандыгы белгиленсин:     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана  курулушбоюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия  жана  спорт,жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча  мамле-кеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз  мүлккө  болгонукукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана  минералдыкресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттикагенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы  саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу  Курчап  турган  чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билимберүү боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-на технологиялар мамлекеттик агенттик;     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын  9-июнундагы №112 Мыйзамынынредакциясына ылайык)      4-статья.      Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.     "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын 2007-жылдын  6-февралындагы  № 12 Мыйзамы күчүн жоготту деп та-былсын.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдеринушул Мыйзамга ылайык келтирсин.       Кыргыз Республикасынын     Президенти                                     К.Бакиев