Бишкек шаары2008-жылдын 26-февралы № 16 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу 2008-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 22-майы)төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-талсын: "6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик; 7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.". 2. 7-статьяда: 1-бөлүгүндөгү "жарандарды" деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: "7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексизкабыл алынуу укугуна ээ.". 3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталганкайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун мањызын жанажүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-ныша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралуарыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев