Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 17-марты № 22
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кызматтык турак үйүнүн укуктук статусун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн убактылуу кызматтык батирлерди берүүнүн тартибин аныктайт.
1-берене. Кызматтык турак үйдүн укуктук статусу
1. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын (мындан ары - Иш башкармалыгы) балансында турат.
2. Кызматтык турак үйдүн жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат.
3. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер менчиктештирилүүгө, сатылууга, кошумча ижарага берилүүгө, күрөөгө коюлууга жана алар менен башка бүтүмдөр жүргүзүлүүгө тийиш эмес.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кызматтык турак үйдөн батирлерди алуу укугу
1. Кызматтык турак үйдөн батир алуу укугу анын же болбосо аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде Бишкек шаарында жана Бишкек шаарынан 20 чакырымга чейинки аралыктагы калктуу конуштарда турак жайы жок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына (мындан ары - депутат) таандык.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутат болуп шайлангандан кийин жана депутаттык ишинин мезгилинде өзүнүн менчик укугуна тиешелүү болгон турак жайды жакын туугандарынын же үчүнчү жактардын пайдасына берип коюуну жүргүзгөн депутат кызматтык турак үйдөн батир алууга укугу жок.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Батирлерди берүү тартиби
1. Депутат батир алуу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына арыз менен кайрылат, ал аны батир берүүнүн негиздерин иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына жиберет.
2. Даярдалган материалдар Иш башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин турак жай комиссиясына (мындан ары - турак жай комиссиясы) жиберилет.
3. Турак жай комиссиясынын депутатка батир берүү жөнүндө чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тиешелүү тескеме чыгарат.
4. Үйгө отурукташтырууда депутаттардын арасында батирлерди бөлүштүрүү чүчүкулак боюнча жүргүзүлөт. Чүчүкулак жүргүзүүнүн тартиби турак жай комиссиясы тарабынан аныкталат.
Батирлерди андан ары бөлүштүрүү алардын бошогонуна жараша кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.
5. Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин жана турак жай комиссиясынын чечиминин негизинде Иш башкармалыгынын жана жалдоочулардын ортосунда батирди жалдоо келишими түзүлөт, анын негизинде отурукташтыруу жүргүзүлөт.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Турак жай комиссиясы
1. Турак жай комиссиясы Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси менен төмөнкү курамда түзүлөт:
1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын чарбалык иштер боюнча орун басарынан - комиссиянын төрагасы;
2) караштуулугунда регламент маселелери болгон комитеттин өкүлүнөн - комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) ар бир фракциянын (бирден) өкүлдөрүнөн;
4) Жогорку Кеңештин профсоюздук комитетинин төрагасынан;
5) иш башкаруучунун турак жай маселеси боюнча орун басарынан.
2. Турак жай комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) арыз берүүчүлөргө батир берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
2) чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин белгилөө;
3) батирлерди алгачкы бөлүштүрүүдө чүчүкулак өткөрүү;
4) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашыруу.
3. Турак жай комиссиянын иши Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Убактылуу берилген батирди бошотуу тартиби
Жалдоочу жана аны менен жашаган адамдар төмөнкү учурларда, башка батир берилбестен он календардык күндөн кечиктирилбестен батирден чыгарылууга тийиш:
1) мыйзамдарда каралган негиздер боюнча депутаттык статусун жоготкондо;
2) жалдоочу же болбосо аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарында жана Бишкек шаарынан 20 чакырымга чейинки аралыктагы калктуу конуштарда менчигине турак жай сатып алганда.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Батирде жашоонун тартиби
1. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жашаган жери боюнча убактылуу катталууга;
2) өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызматтар жана жалпы пайдалануудагы жайларды техникалык жактан тейлөөгө акы төлөөнү өз убагында жүргүзүүгө;
3) берилген батирде жашаган мезгилинде келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
4) өзү же чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз менчигине Бишкек шаарынан же Бишкек шаарынан 20 чакырым аралыктагы калктуу конуштардан батир сатып алганы жөнүндө турак жай комиссиясына өз убагында кабарлоого.
2. Жалдоочу жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү ошондой эле төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жашаган кызматтык турак үйгө жана батирге аяр мамиле кылууга;
2) батирди анын арналышына ылайык пайдаланууга;
3) батирди пайдалануу эрежелерин сактоого;
4) батирдин сакталышы жөнүндө кам көрүүгө;
5) санитардык-техникалык жана башка жабдууларга, көрктөндүрүү объекттерине аяр мамиле кылууга:
6) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден он календарлык күндүн ичинде көчүп кетүүгө.
3. Жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Иш башкармалыгы менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен батирдин учурдагы ремонтун жүргүзүүгө, ошондой эле үйдүн тегерегиндеги аймакты көрктөндүрүүгө;
2) кызматтык үйдөгү жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн башка жалдоочулар менен биригүүгө.
4. Жалдоочуга батирди кошумча ижарага берүүгө, аны кайра жабдууну жана кайра пландаштырууну жүргүзүүгө тыюу салынат.
5. Эгерде жалдоочу батирде туруктуу жашабаса, турак жай комиссиянын чечими боюнча аны менен көчүп кирген адамдар чыгарылууга тийиш.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Кызматтык турак үйдү башкаруу
1. Кызматтык турак үйдү башкаруу функциялары Иш башкармалыктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
2. Зарылдыгына жараша кызматтык турак үйгө жана андагы батирлерге он жылда бир ирет Жогорку Кеңештин каражаттарынын эсебинен капиталдык ремонт жүргүзүлөт.
(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын нормаларын бузган, ошондой эле убактылуу берилген кызматтык батирди көрсөтүлгөн мөөнөттө бошотпогон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
9-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын аралыгында:
1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзам кабыл алынганына байланыштуу зарылчылык туулган учурларда Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу сунушту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |