Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 20-марты № 36
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2008-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
1999-ж., N 7, 368-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи жана сеги-
зинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан террористтердин
өтүү аракеттерин алдын алуу, аныктоо жана токтотуу, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу террористтик мүнөздөгү
кылмыш жасоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жардыруучу, ууландыруучу,
наркотикалык жана психотроптук заттарды, радиоактивдүү, химиялык жана
бактериологиялык материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды, мүлктү жана
башка буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы чараларды колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында, чегара тилкесин-
де жана чегара зонасында террористтерди же террористтик топторду өз ал-
дынча же Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген башка
мамлекеттик органдары менен бирдикте аныктоо, кармоо жана жок кылуу.".
2. 8-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын бөлүктөрү жана
бөлүмчөлөрү оперативдик-кызматтык иш-аракетинде жергиликтүү бийлик жана
башкаруу органдарынан көз карандысыз.".
3. 12-статья төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзац-
тар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан террористтердин
өтүү аракеттерин алдын алуу, аныктоо жана тыюу салуу, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу террористтик мүнөздөгү
кылмыш жасоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жардыруучу, ууландыруучу,
наркотикалык жана психотроптук заттарды, радиоактивдүү, химиялык жана
бактериологиялык материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды, мүлктү жана
башка буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы чараларды колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында, чегара тилкесин-
де жана чегара зонасында террористтерди же террористтик топторду өз ал-
дынча же Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген башка
мамлекеттик органдары менен бирдикте аныктоо, кармоо жана жок кылуу.".
жетинчи-онунчу абзацтар тийиштигине жараша тогузунчу-он экинчи аб-
зацтар деп эсептелсин.
4. 18-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Куралды жана аскер техникасын колдонуу
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик чегарасын кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй
учурларда куралды жана аскер техникасын колдонот:
- Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу катылуунун жана кол са-
луунун мизин кайтаруу, аба кемелерин жана башка транспорт каражаттарын
жүргүнчүлөрсүз чет мамлекетке уурдап өтүү аракеттеринин алдын алуу
үчүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерди бу-
зуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кесип өткөн (ке-
сип өтүп жаткан) адамдарга, учуучу аба кемелерине жана башка транспорт
каражаттарына каршы алардын күч колдонуусуна жооп катары же эрежелерди
бузууну токтотуу же бузуучуларды кармоо башка каражаттар менен аткаруу-
га мүмкүн эмес болгон учурларда;
- жарандарды өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтир-
ген кол салуудан коргоо үчүн, барымтадагыларды куткаруу үчүн, аскер
кызматчыларына, мамлекеттик чегараны коргоо боюнча кызматтык же коомдук
милдеттерин аткарган адамдарга алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү
түздөн-түз коркунучка дуушар болгон учурда кол салуунун мизин кайтаруу
үчүн;
- чегара кызматынын бөлүмдөрүнө жана объекттерине, мамлекеттик че-
гараны коргоого катышкан Кыргыз Республикасынын башка аскерлерине жана
аскердик түзүлүштөрүнө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, анын ичинде
аларга куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда самолетторго жана верто-
летторго жардам көрсөтүү үчүн.
Куралды жана аскер техникасын колдонордон мурда аларды колдоно
тургандыгы жөнүндө алдын ала ачык билдирүү жана Кыргыз Республикасынын
Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын талаптарын аткаруудан баш тарт-
кан учурда эскертип ок атуулар болушу керек.
Алдын ала эскертүүсүз курал жана аскер техникасын пайдалануу ку-
ралдуу кол салуунун, аскер кызматчыларына жана башка жарандарга
күтүүсүздөн куралдуу кол салуунун, аскер техникасын, аба кемелерин жана
башка транспорт каражаттарын пайдалануу менен кол салуунун мизин кайта-
рууда, куралдуу каршылык көрсөтүүдө, кармалган адамдардын курал жана
аскер техникасы менен качуусунда, барымтадагыларды куткаруу үчүн колдо-
нулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер кызматчылары аскер
кызматчыларынын жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна корку-
нуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн, ошондой эле коркунуч
белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн куралды колдонууга укуктуу.
Аялдарга жана эрезеге жетелектерге карата, алар тарабынан куралдуу
кол салуу же алардын куралдуу каршылык көрсөтүүсү же топтошуп алып
өмүргө коркунуч келтирүү менен кол салуу учурларын кошпогондо:
жүргүнчүлөрү бар аба кемелерине жана башка транспорт каражаттарына;
мамлекеттик чегараны мыйзамсыз өткөн же өтүү аракетин жасаган адамдарга
карата, эгер мындай өтүү кокусунан же табигый зор күчтөрдүн таасиринде-
ги кырсыктын натыйжасында болуп жаткан учурларда, курал жана аскер тех-
никасын колдонууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлеринин башка
түрлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын коргоого
тартылган Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер
кызматчылары куралды жана аскер техникасын Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын талаптарына ылайык колдоно алат.".
5. VI главанын аталышы "укуктук" деген сөздөн кийин "жана социал-
дык" деген сөздөр менен толукталсын".
6. 19-статьяда:
статьянын аталышы "укуктук" деген сөздөн кийин "жана социалдык"
деген сөздөр менен толукталсын";
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер кызматчылары Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кайтаруу боюнча аларга
жүктөлгөн милдеттерди аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп сана-
лат. Чегара кызматынын аскер кызматчыларынын компетенциясынын чектерин-
де коюлган талабы Кыргыз Республикасынын жарандары, кызмат адамдары,
ошондой эле алардын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы
жок адамдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.";
3-бөлүк "укуктук" деген сөздөн кийин "жана социалдык" деген сөздөр
менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев