Бишкек шаары2008-жылдын 19-марты № 28 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө 2008-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толук-тоолор киргизилсин: 1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 77-80-бөлүктөр менен толуктал-сын: "77. "Трафик" - электр байланыштар тармагы боюнча берилүүчү бил-дирүүлөр жыйындысы: 78. "Роуминг" - көчмө байланыш оператору абонентке көрсөтүүчүкөчмө байланыш кызматы, бул кызмат менен Кыргызстандын ичинде да, анынчегинен тышкары да анын аракеттенүү зонасынан көчмө байланыштын башкаоператорунун аракеттенүү зонасына которууда келишимдик мамиле болот; 79. "Тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)" - бир кызматкөрсөтүүчүнүн абонентине башка кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттери мененбайланыш кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү же башка кызмат көрсөтүүчү та-рабынан көрсөтүлгөн кызматка жетүү үчүн бериле турган электр байланыштармактарынын физикалык жана логикалык биригүүсү; 80. "Транзиттик трафик" - эгерде электр байланышынын булактары жа-на алуучулары башка электр байланыш тармагынын пайдалануучусу болуп са-налса электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик". 2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-2-статья менен толукталсын: "142-2. Роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматы жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматы Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүкбайланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралык туташ-тыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынын байланышоператорлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча чет өлкөлүкбайланыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүү КНСтенбошотулган берүүлөр болуп эсептелет.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев