Редакцияот 20.03.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 20-марты № 29                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ             "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу                жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына               өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу      1-берене.      "Мамлекеттик пенсиялык  социалдык  камсыздандыруу  жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-домосттору, 1997-ж , № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоокиргизилсин:     13-статьянын 1-бөлүгүндө:     "б" пунктчасындагы ",  ошондой эле көрүүсү боюнча I топтогу майып-тарга," деген сөздөр алып салынсын;     пункт төмөнкү мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:     "в) азиз  болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн150 пайызы өлчөмүндө";     "в" пунктчасы тиешелүү түрдө "г" пунктчасы деп эсептелсин.      2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев      2008-жылдын 7-февралында            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган