Бишкек шаары2008-жылдын 5-апрели № 52 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2006-жылдын 22-июнунда күчүнө кирген Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошулуусу жөнүндө 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. 2006-жылдын 22-июнунда күчүнө кирген Кыйноого жана башка ырайым-сыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнөжана жазалоолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошул-сун. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндөграмотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкысекретарына депоненттесин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев