2008-жылдын 5-апрели № 49КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫКишинев шаарында 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган 1996-жылдын 12-апрелиндеги Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында Тарифтик преференцияларды берүүдө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында Тарифтик преференцияларды берүүдө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоонун эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколу ратификациялоо тууралу 1-берене. Кишинев шаарында 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган 1996-жылдын 12-апрелиндеги Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында Тарифтик преференцияларды берүүдө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында Тарифтик преференцияларды берүүдөөнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоонун эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасында товарлардын чыгарылышы жөнүндө күбөлөндүрүүнү ишке ашыруучу жана сертификат берүүчү Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы кабыл алынган Протоколду жетекчиликке алсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жолжоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев