2008-жылдын 5-апрели № 50 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Брюссель шаарында 2007-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштугунун ортосундагы Аба катнашынын айрым жагдайлары боюнча макулдашуу ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Брюссель шаарында 2007-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштугунун ортосундагы Аба катнашынын айрым жагдайлары боюнча Макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европа Коомдоштугуна билдирсин. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну Жарандык авиациянын эларалык уюмуна каттатсын. 4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев