2008-жылдын 5-апрели № 51 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Сингапур шаарында 2006-жылдын 28-мартында кол коюлган Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими ратификациялоо тууралу 1-берене. Сингапур шаарында 2006-жылдын 28-мартында кол коюлган Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы директоруна ратификациялык грамотаны депонирлесин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев