Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасыньш Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
"орто" деген сөздөн кийин келген "(толук)" деген сөз алып салынсын;
3-статьянын 4-бөлүгүн, 13-статьянын 4-бөлүгүн, 20-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жана 23-статьянын 4-бөлүгүн кошпогондо, "мекемелер" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "билим берүүчү уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-статьянын 4-бөлүгүндөгү, 14-статьянын 4-бөлүгүндөгү жана 20-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "билим берүү мекемесин", "билим берүү мекемелерин" жана "билим берүү мекемелеринин" деген сөздөр тиешесине жараша "билим берүү уюмун", "билим берүү уюмдарын" жана "билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23-статьянын 4-бөлүгүндөгү "тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын" деген сөздөр "кызыкдар уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү
Кесиптик башталгыч билим берүү негизги же жалпы орто билим базасындагы коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларын, кызматкерлерин) даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо дегенди билдирет. Зарыл учурларда негизги орто билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттар түзүлөт.".
3. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында - акысыз жалпы орто, ал эми зарыл учурда негизги жалпы билим алуу үчүн шарт түзүүгө кепилдик берет.".
4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактаган учурда юридикалык жана жеке жактар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар уюштуруучу боло алышат. Ачылганда билим берүү уюму "Кесиптик лицей" деген башталгыч статусту алат.
5. 10-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы жана 5-бөлүгүндөгү ар кайсы жөндөмөдө турган "квалификациялык сертификат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрүнө коюлуп, "кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 13-статьяда:
2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "кесиптик окуу жай" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкы башкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы алып салынсын.
7. 15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясына ылайык жүргүзүлөт.
16-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо)
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча билим берүү ишине лицензия "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо (аттестациялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөн кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди бepүүгө укуктуу.
Аттестация беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.".
8. 17-статья күчүн жоготту деп табылсын.
9. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуп жаткан окуучуларды социалдык жактан колдоо үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.
Жетим балдарга жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдарга билим берүү алар жашы жеткенге чейин мамлекеттик камсыздоонун негизинде жургузулөт.
Окугандарды окуудан жана окуу процессинен алаксытууга Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузгандыгы үчүн күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар окугандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарткан моралдык жана материалдык зыяндарынын ордун толтуруп беришет.".
10. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-бөлүктөр менен толукталсын:
"Педагогдук иш менен алектенүү укугуна зарыл билим жана тиешелүү педагогдук квалификация алган, бирок соттуулугу бар жана тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган медициналык жактан терс мүнөздөлгөндөрдөн башка адамдар ээ.
Педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук иш менен алектенууге кайра даярдоодон өткөндөн кийин укуктуу болот. Кесиптик башталгыч билим берүү ишиндеги педагог кызматкерлер "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык окумуштуулук даражасы, педагогдук стажы үчүн кошумча акы алууга, ошондой эле жаш окутуучулар үчүн жеңилдиктерге укуктуу. Педагог кызматкердин класс жетекчилик үчүн эмгек акысына үстөктүн өлчөмү "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык белгиленет.".
11. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "38 жана 39-статьяларына" деген сөздөр "43-46-статьяларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев