Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 25-апрели № 72
Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо тууралуу чечимин ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо тууралуу чечими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу" комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |