Бишкек шаары2008-жылдын 24-апрели № 63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу 2008-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстанмамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Келишим белгиленген тартиптеюридикалык күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Талас облас-тындагы Карабуура районунун Көксай участкасы жана Чүй областындагы Ысы-ката районунун Дружба айылынын чегинен өтүүчү Бишкек-Торугарт айланыпөтмө автожолунун участкасы боюнча Астана шаарында 2001-жылдын 15-декаб-рында кол коюлган кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө КыргызРеспубликасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өз-гөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө казакстандык тарап менен тий-иштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдинратификациялоо грамоталарын алмашсын. 4-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев