Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2008-жылдын 24-апрели N 64
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 181-1-статья менен толукталсын:
"181-1-статья. Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жоболору тууралу Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо
Озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 10-сентябрындагы Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө 1989-жылдын 22-мартындагы Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жолжоболору тууралу 1998-жылдын 10-сентябрындагы Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо-
жарандарга-ондон он бешке чейин, кызмат адамдарына-отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактаргажүздөн эки жүзгө чейинки расчеттук көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул эле иштер администрациялык жаза колдонулгандан кийинки бир жылдын ичинде кайрадан жасалса,-
жарандарга-он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына-элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга-эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 518-1-статья менен толукталсын:
"518-1-статья. Суу транспортунун органдары
Кыргыз Республикасынын суу транспортунун органдары ушул Кодекстин 259-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын суу транспортунун башкы инспектору жана анын орунбасары;
- кеме жүргүзүүчү инспекциясынын начальниги;
- чакан кемелер боюнча инспекциясынын начальниги.".
3. 526-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"526-статья. Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо органдары
Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо органдары ушул Кодекстин 88, 107, 122, 124-139, 141, 143-146, 150, 158-184, 196-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык айып салууга төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкы инспектору, башкы токой инспектору жана анын орунбасарлары;
- айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын мамлекеттик улук инспекторлору;
- аймактык органдардын, Бишкек шаарынын, райондордун, мамлекеттик коруктардын айланачөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкы инспекторлору жана алардын орунбасарлары;
- айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын токой өстүрүү экотүзүмүнүн башкармалыгынын начальниги жана анын орунбасары;
- айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги жана анын орунбасары;
- айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын токой өстүрүү экотүзүмүн, аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу башкармалыгынын башкы жана жетектөөчү адистери;
- Жалал-Абад зонасындагы жаңгак өстүрүү токой экотүзүмүн өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын начальниги жана башкы токойчусу, аймактык аңчылык чарбасынын жана аңчылык көзөмөлүнүн начальниги жана орунбасары, токой чарбасынын жана башка мамлекеттик токойчарба ишканаларынын жана уюмдарынын деректирлери жана башкы токойчулары;
- Жалал-Абад зонасындагы жаңгак өстүрүү токой экотүзүмүн өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын жана башка мамлекеттик токойчарба ишканаларынын жана уюмдарынын кайтаруу жана коргоо инженерлери, токойчулары, райондук аңчылар.".
4. 529-статья алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2008-жылдын 6-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |