Бишкек шаары2008-жылдын 25-апрели № 66 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 9-статьянын 71-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "71. Финансылык ижара (лизинг) - "Финансылык ижара (лизинг) жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген бир же андан көп бел-гилерди камтыган финансылык ижара (лизинг) келишиминин негизинде жүзөгөашырылган негизги каражаттарды өткөрүп берүү жагындагы ижаралык мамиле-лердин өзгөчө түрү. Өткөрүп берилген жана /же/ финансылык ижарага (лизинг) алынган не-гизги каражаттардын баасы лизинг келишимин түзүү учурунда аныкталат. Мындай бүтүм салык салуу максатында лизинг алуучу тарабынан негиз-ги каражаттарды сатып алуу катары каралат. Мында лизинг алуучу негизгикаражаттардын менчик ээси катары, а лизингдик төлөмдөр лизинг алуучугаберилген кредит боюнча төлөм катары каралат.". 2. 108-статьянын 2-бөлүгүндөгү "алынган проценттерден тышкары" де-ген сөздөр "ошондой эле лизинг берүүчү-резиденттер алган пайыздардан"деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. 140-статьянын 2-бөлүгүнүн 5-пункту алып салынсын. 4. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 140-1-статья менен толукталсын: "140-1-статья. Финансылык ижара (лизинг) 1. Эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, негизги каражаттардыжана төлөмдөрдү финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча өткөрүп берүүлизинг берүүчү алууга тийиш болгон пайыздардын суммасынын бөлүгүндө бо-шотулган берүү болуп саналат. 2. Лизинг берүүчү алууга тийиш болгон негизги каражаттарды жанатөлөмдөрдү финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча өткөрүп берүү тө-мөнкү шарттардын бири сакталган учурда бошотулган берүү болуп саналат: 1) эгерде өткөрүп берилген негизги каражаттарды импорттоо ушул Ко-декстин 148-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын төлөөдөнбошотулса; 2) эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды ушул Кодекс-тин. 127-статьясына ылайык салык алынуучу субъект болуп саналбаган са-туучудан сатып алса.". 5. 148-статьяда: 1-бөлүк "негизги каражаттар" деген сөздөрдөн кийин "эгер ушулстатьяда башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: "2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган, айыл-чарба өндүрүшчүлөрүтикелей өздөрүнүн максаттары үчүн жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттерфинансылык ижара (лизинг) келишими боюнча жүргүзгөн негизги каражаттар-ды ташып келүүдө ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин КНС төлөөчү катарыкатталгандыгынын фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган