КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2008-жылдын 25-апрели № 67
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
383-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"383-статья. Жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу жана пайдалануу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамаларды бузуу
Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөлгө алуу органдары көзөмөлдөөчү объекттерде жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алын чыгуу, пайдалануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамаларды бузуу, эгерде анда жазык ишинин белгилери болсо, -
жеке адамдарга ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга - жыйырмадан жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
"Эркинтоо" газетинде 2008-жылдын 29-апрелинде N 31 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2008-жылдын 13-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |