Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 28-апрели № 75
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркинтоо" гезити 2004-жылдын 31-августу № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө
алмаштырылсын.
2. 2-статьясынын 3-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө
алмаштырылсын.
3. 7-статьяда:
1-бөлүк алып салынсын:
2-бөлүк "Административдик" деген сөздүн ордуна "саясий жана адми-
нистративдик" деген сөздөр менен толукталсын:
3-бөлүк "таасири" деген сөздөн кийин "мамлекеттик кызматкерлерге,
аскер кызматчыларына жана" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 12-статьяда:
1-бөлүктөгү "муниципалдык кызматтын" деген сөздөн кийин "саясий
жана" деген сөздөр менен толукталсын; "квалификациялык экзамендин же
аттестациянын натыйжалары боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Саясий муниципалдык кызмат ордунда иштеген муниципалдык кызмат-
керлерге Кыргыз Республикасынын 1. 2. жана 3-класстагы муниципалдык ке-
њешчиси класстык чини ыйгарылат жана ага аттестация же квалификациялык
экзамен өткөрүүсүз ээ болот.";
4 жана 5-бөлүк алып салынсын;
статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Административдик муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кыз-
маткерлердин класстык чин алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президен-
ти тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.".
5. 28-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөздөр "Президенти"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүк алып салынсын.
6. 33-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын башчысынын" деген сөздөр "кабыл алуу жана
бошотуу укугуна ээ жетекчилердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев