Бишкек шаары2008-жылдын 28-апрели № 77 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Казань шаарында 2005-жылдын 26-августунда кол коюлган 2006-2008-жылдарга мыйзамсыз миграцияга каршы аракетте Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгынын Программасы жөнүндө Чечимди ратификациялоо тууралуу 1-берене. Казань шаарында 2005-жылдын 26-августунда кол коюлган2006-2008-жылдарга мыйзамсыз миграцияга каршы аракетте КөзкарандысызМамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгынынПрограммасы жөнүндө Чечим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Чечим-дин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралу Көзкарандысыз Мамлекеттер-дин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган