Бишкек шаары2008-жылдын 15-майы № 83 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2008-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөнсистемасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2001-ж., № 12, 485-ст.) төмөнкү-дөй өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын суммасытиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жылсайын кабыл алынуучу мыйзамында белгиленген өлчөмдө бюджетке чегери-лет." 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев