Редакцияот 15.05.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2009-жылдын 1-мартынан тартып ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык КҮЧҮНДӨ ЭМЕС

Бишкек шаары2008-жылдын 15-майы № 84                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ            Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык              санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча                  карызды реструктуризациялоо жөнүндө      Салык төлөөчүлөрдүн  финансылык-экономикалык  абалын турукташтыруужана колдоо  көрсөтүү,  салыктар  жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилгенпайыздар, туумдар,  финансылык,  айыптык  санкциялар боюнча карыздарды,ошондой эле  кайтарылгыс карыздарды кечип жиберүү аркылуу бюджеттин ал-дындагы карыздарды алда канча толук төлөөгө түрткү берүү ушул Мыйзамдынмаксаты болуп саналат.       1-берене. Жалпы жоболор      1. Юридикалык  жана жеке жактардын карыздары реструктуризациялоогожатат.     2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:     карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карыздыжарым-жартылай кечип жиберүү;     пайыздар -  Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясынажана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар;     туум - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-ык аныкталган  акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү;     финансылык жана  айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салыкжана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар;     карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдаржана алар боюнча чегерилген пайыздар,  туумдар, финансылык жана айыптыксанкциялар;     реструктуризациялануучу карыз   -   2008-жылдын  1-январына каратаалынган абал  боюнча  орун алган жана ушул. Мыйзамдын 2-беренесинде ка-ралган тартипте  төлөнбөгөн  пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптыксанкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү;     кайтарылгыс карыз  -  юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,социалдык жана  юридикалык  мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүнболбой калган  жана  ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажыжана салык  алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган төлөө боюнча милдеттенме.       2-берене. Карызды реструктуризациялоонун тартиби      1. Салыктардын  негизги  суммалары  жана утурумдук төлөмдөр боюнчакарызын төлөгөн  салык  төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздар, финансыжана айып санкциялары эсептен чыгарылат:     1) ушул  Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкиайдын биринчи  күнүнө  карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары100 пайызга;     2) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-ры - 80 пайызга;     3) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай  өткөндөн  ки-йинки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкци-ялары - 50 пайызга.     2. 2008-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-нансы жана  айып  санкциялары  ушул  берененин  1-бөлүгүнүн 1-пунктундааныкталган тартипте эсептен чыгарылат.     3. Салык  төлөөчү  ушул  берененин  1 жана 2-бөлүктөрүндө каралганкайра реструктуризациялоодон  кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодек-синин 46-статьясынын  талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укук-туу.     4. Салык төлөөчү ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган биржолку гана  кечүү  жана ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык төлөө мөөнөтүнбир жолку гана узартуу укугунан пайдаланат.     5. Салыктардын  жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-туризациялануучу карызды төлөө мөөнөтү болуп казыналыктын региондук бө-лүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.     6. Реструктуризациялануучу  карызды төлөө максатында ашыкча төлөө-нүн суммасына  КНСтин  нөлдүк  чени  менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайдаболгон ашыкча төлөө киргизилбейт.     7. Салык  төлөөчүнүн  карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөйпайдаланылат: айрым  салыктар боюнча карыз төлөнөт, анан ошол карыз бо-юнча Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын чендеринжөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыларынынталаптарына ылайык  кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкциялары бо-юнча карыз төлөнөт.       3-берене. Кайтарылгыс карызды кечип жиберүү      Кайтарылгыс карыз юридикалык жана жеке жактардын экономикалык, со-циалдык жана  юридикалык  мүнөздөгү  себептерден  улам өндүрүүгө мүмкүнболбой калган  жана  ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажыжана салык төлөмдөрү боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)жол-жобону өткөрүү  учурунда токтотулган төлөө боюнча милдеттенме толуккөлөмүндө кечип жиберилет.       4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши      Ушул Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алкүчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи кү-нүнө чейин колдонулат.            Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев      2008-жылдын 3-апрелинде             Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган