Бишкек шаары2008-жылдын 19-майы № 91 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө 2008-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толук-тоо киргизилсин: 73-статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардын кызматкерлеринин ки-решелеринен башка, салык салынуучу бир айлык кирешенин эсептик өлчөмүбелгиленген суммадан төмөн болбоого тийиш жана төмөндөгүдөй өлчөмдөрдөбелгиленет: 1) Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек шаарынын чет жакасындагы зо-наларда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 20 эселенгенэсептик көрсөткүчтөн төмөн эмес; 2) калган шаарларда (Нарын, Баткен, Сүлүктү, Исфана, Көкжањгак жа-на Кербен шаарларын кошпогондо), ошондой эле Ысыккөл облусунун курорт-тук-рекреациялык зонасындагы айылдык калкконуштарда - Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленген 15 эселенген эсептик көрсөткүчтөн тө-мөн эмес; 3) Нарын, Баткен, Сүлүктү, Исфана, Көкжангак жана Кербен шаарла-рында, кыштактарда жана айылдык калкконуштарда (Ысыккөл облусунун куро-руттук-рекреациялык зонасындагы айылдык калкконуштарын кошпогондо) Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 10 эселенген эсептик көр-сөткүчтөн төмөн эмес. Ушул статьянын максаттарында Бишкек шаарынын чет жакасындагы зона-лардын жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы айыл-дык калкконуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынананыкталат.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмескүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев