Бишкек шаары2008-жылдын 23-майы № 93 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 "Энергети-ка жөнүндө"
Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-син: 1.
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө турган"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Рес-публикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы"деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын. 1-п. менен берилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүкайталайт 2. 3-статьяда: он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр - энергия ресурстарын берүү,бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жана жылуулук энергияларын сактоодонбашка) жана энергия ресурстарын ташуу;"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтарменен толукталсын: "электр энергиясы - параметрлерин белгиленген чектерде туруктуу,үзгүлтүксүз жана сапаттуу кармап турууну талап кылган, бир учурда чыга-рылуучу жана керектелүүчү товардын өзгөчө түрү; Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мам-лекеттик органы - энергетика тармагындагы мамилелердин жөнгө салынышынжана контролдонушун ишке ашыруу үчүн Өкмөт ыйгарым укук берген мамле-кеттик орган."; он үчүнчү абзац он бешинчи абзац деп эсептелсин. 3. 5-статьянын экинчи абзацындагы "Жогорку Кењештин эки палатасытарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кењеш тарабынан" деген сөздөргө алмаш-тырылсын. 5-статьянын экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын16-майындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өз-гөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон 4. 16-статьяда: статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын: "Лицензиянын ээси мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп бергенменчиктин чегинде жооп берет жана электр энергиясынын сапатын камсызкылат."; экинчи жана үчүнчү абзацтар үчүнчү жана төртүнчү абзацтар депэсептелсин. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев