Бишкек шаары2008-жылдын 2-июну № 108 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизил-син: 1. 8-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура жана курулуш бо-юнча мамлекеттик орган тарабынан башкарылууга жана көзөмөлдөнүүгө ти-йиш. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын аймактыкбөлүмчөлөрүнүн ишин координациялоо жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандары тарабынан жүзөгө ашырылат жана аларга бекитилген шаар куруу до-кументтерин сактоонун жоопкерчилиги жүктөлөт.". 2. 36-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы", акысыз 15 күндүничинде" деген сөздөр "акысыз 10 күндүн ичинде" деген сөздөр менен ал-маштырылсын. 3. 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби 1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштукөзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна жер участокторуна жана башка кый-мылсыз мүлк объекттерине, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү белгилөөчү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) жемөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат. 2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторунакурулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушужөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы менен жөнгө салынат. 3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегентартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.". 4. 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "41-статья. Курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу Курулган объект, аны курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органкабыл алгандан кийин пайдаланууга берилет. Объектти пайдаланууга кабыл алуунун тартиби Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекитүүчү жобо менен аныкталат. Курулуш объекттерин кабыл алынмайынча пайдаланууга жол берилбейт. Объектти пайдаланууга кабыл алуу актысы кыймылсыз объектке укуктумамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев