Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2008-жылдын 2-июну № 109 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр кирги-зилсин: 1. 5-статьянын 1-бөлүгүндө: экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан" де-ген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик бийликтеги саясий партиялар, борбордукоргандар," деген сөздөр менен толукталсын; сегизинчи абзац алып салынсын. 2. 6-статьяда: 1-бөлүктөгү "жана каттала турган юридикалык жактын жайгашкан жеринырастоочу документтери" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүк алып салынсын. 3. 14-статьянын 4-бөлүгү алып салынсын. 4. 15-статьяда: 1-бөлүктө: 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "фирмалык" деген сөз алып салынсын; 2-пункттун экинчи абзацындагы "статусу (коомдук бирикмелерүчүн),"деген сөз алып салынсын; 2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жактын статкарточкасы,"деген сөздөр алып салынсын. 5. 17-статьяда: 3-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статикалык карточкалар дегенсөздөр алып салынсын; 7-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкалар"деген сөздөр алып салынсын. 6. 18-статьяда: 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы алып салынсын; 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жана статистикалык картанын" дегенсөздөр алып салынсын. 5-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточкасынын"деген сөздөр алып салынсын. 7. 21-статьянын 2-пунктундагы "Ушул мыйзамдын 18-статьясынын та-лаптарын аткарган шартта" деген сөздөр алып салынсын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынУшул мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-нө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев