Редакцияот 02.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 02-июну №110                                              Мыйзам          "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын      мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2008-жылдын 29-майында               Кыргыз Республикасынын Жогорку                                     Кењеши тарабынан кабыл алынган    1-берене. "Акционердик коомдор жөнүндө"  Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж,№ 6, 240-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана  толуктоолор  киргизилсин:   1. 25-статьянын 3-пунктунда:  г) пунктчасы ", коомдкн кызмат ордундагы адамдарына,  ошондой элеушул  Мыйзамдын  75-статьясына  ылайык  бүтүмдөрдү  комм  тарабынан жасоого  кызыкдар  болгон адамдарга карата доо  арыз берүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;    пункт төмөнкүдөй "з" пунктчасы менен толукталсын:  з)ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча акционерлердин жана коомдук өзүнүн кызыкчылыгын коргоодо сотко кайрылууга.".    2. 63-статьянын 1-бөлүгү "ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөнадамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча алдын ала корутунду берет"деген сөздөр менен толукталсын.    3. 65-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы:   - "коом алдында" деген  сөздөрдөн кийин  "жана  акционерлер дегенсөздөр менен толукталсын;   - "коомго" деген сөздөрдөн кийин "жана акционерлерге" деген сөздөр менен толукталсын.    4. 75-статьянын биринчи абзацындагы "ошондой эле  алардын  үй-бүлөмүчөлөрү төмөнкүдөй учурда,  эгерде алар"  деген сөздөр  "эгерде алар жана (же) алардын жакын  туугандары жана  (же) алардын  аффилирленгенадамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.    5. 76-статьяда:   төртүнчү абзац  "болжолдонуп  жаткан бүтүмдөрдү " деген  сөздөрдөн кийин "(болгон кызыкчылыктын  мүнөзүнө  жана дењгээлине  тийиш болгон бүтүмдөрдүн шарттары  жана  мүнөзү  жөнүндө, бардык  олуттуу  фактылар жөнүндө)" деген сөздөр менен толукталсын;   статья төмөнкүдөй  мазмундагы 2-4 бөлүктөр менен толукталсын:   "Ачык  коом ушул  Мыйзамдын  75-статьясында  көрсөтүлгөн  адамдардын кызыкчылыгы бар  бүтүмдү алардын  түзүшү жөнүндө  маалыматты  мындай бүтүм  түзүлгөн  күндөн  тартып  5  күндөн ичинде  жалпыга  маалымдоо каражаттарында жарыялоо  аркылуу  ачышы,  ошондой  эле  баалуу  кагаздаррыногун  жөнгө  салуу  боюнча  ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик  органга бүтүм  жөнүндө  (болгон  кызыкчылыктын  мүнөзүнө  жана дењгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө,  бардык  олуттуу  фактыларжөнүндө) маалыматты камтыган билдирүү жибериши керек.   Ушул  Мыйзамдын  75-статьясында  көрсөтүлгөн  адамдардын  кызыкчылыгыбар  бүтүмдүн  шарттары  жана  мүнөзү  жөнүндө  маалымат,  анын  ичинде болгон  кызыкчылыктын мүнөзүнө  жана  дењгээлине  тийиш  болгон  бардык  олуттуу фактыларды ачуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  коомтарабынан түзүлүүчү коомдук кварталдык, жылдык отчетторуна кошулушу керек.   Коом каалаган акционердин талабы боюнча  ушул  Мыйзамдын  75-статьясындакөрсөтүлгөн  адамдардын  кызыкчылыгы  бар бүтүм  жөнүндө  толук маалыматты  берүүгө милдеттүү .".   6. 77-статьяда:   1-пункттагы "Коомдун аткаруу органынын, директорлор кењешинин мүчөлөрү"деген сөздөр "ушул  Мыйзамдын  75-статьясында  аталган  адамдар"  дегенсөздөргө алмаштырылсын;   2-пункт алып салынсын;   3-пункт ылайыгына жараша 2-пункт болуп эсептелсин;  статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:   3. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында  көрсөтүлгөн  адамдардын  кызыкчылыгыбар бүтүм төмөнкүдөй шарттарда гана түзүлүшү мүмкүн:   -ээликтен чыгарылган мүлк же  көрсөтүлүүчү  кызматтар үчүн  коом алганнарк  аталган  мүлктүн  же  кызматтардын ушул  Мыйзамдын   71-статьясына ылайык аныкталган  рыноктук  баадан төмөн  эмес,  же болбосо  мүлктү  же кызматтарды сатып  алуунун  наркы  ушул  Мыйзамдын 71-статьясына  ылайык аныкталган ушул мүлктүн же кызматтардын  рыноктук  баасынан  жогору эмес;  -ушул бүтүм  боюнча  коомдун  аудиторунун  корутундусу  болгон учурда";    4-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;   6-пункттагы "бардык  мүчөлөрү" деген  сөздөр  "мөүчөлөрүнүн  жарымынанашыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.    7. 78-статьяда:    1-пунктта:   -"77-статьясында" деген сөз "76 жана 77-статьяларында"  деген  сөздөргөалмаштырылсын;   - "бүтүм" деген сөз алынып салынсын:    2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:   Кызыкдар жак коомдун акционерлердин алдында  коомго жана а акционерлергекелтирилген зыяндардын өлчөмүнө жоопкерчилик тартат  жана ушул   Мыйзамдын75-статьясында  көрсөтүлгөн   адамдардын  кызыкчылыгында  ушул   Мыйзамдынталаптарын бузуу менен бүтүмдөрдү түзүүдөн улам коомго  жана  акционерлерге келтирилген   зыяндардын ордун  толтурууга , ошондой эле  коомго  мындай бүтүмдөрдөн алынган баардык кирешени кайтарып берүүгө милдеттүү";  статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:   "3. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу аркылуу  кызыкдыр жак  менен  бүтүмтүзүү жөүндө коомго жана акционерлерге  келтирилген  зыяндардын  өлчөмүнө коомдун жана акционерлердин алдында жоопкерчилик тартат".    8.82-статьяда:   82-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй  мазмундагы абзац  менен  толукталсын:   "-коомдун финансылык-чарбалык ишкердигиндеги олуттуу фактыларга тиешелүү,анын ичинде ири бүтүмдөр жана  ушул  Мыйзамдын 75-статьясында  көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр жөнүндө материалдарга ";    2-пункт "Кыргыз Республикасынын"  деген  сөздөрдөн кийин  "суроо-талаптыалган күндөн тартып 5  жумуш күнүнөн  кечиктирбеген мөнөттө"  деген  сөздөрменен толукталсын.    2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин  ушул  Мыйзамга ылайык келтирсин.      Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     Кыргыз Республикасынын     Президенти                                    К.Бакиев