Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 11-июну № 113
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана
мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын
кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү
тууралуу
2008-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу туту-
мунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын
кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.)
төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 18-статьянын 1-бөлүгү:
"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөрдөн
кийин ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген
сөздөр менен толукталсын;
"коопсуздук кызматынын" деген сөздөр "коопсуздук мамлекеттик коми-
тетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"кызматынын органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик бажы комитетинин, Бањгизаттарга контролдук боюнча Кыргыз
Республикасынын агенттигинин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 22-статьяда:
1-бөлүгүндөгү ", ошондой эле жазаларды аткаруунун борбордук орга-
нынын борбордук аппаратынын кызмат милдети боюнча көрсөтүлгөн оорулар
менен байланышкан медициналык кызматкерлеринин" деген сөздөр алып са-
лынсын;
3-бөлүгүндөгү "күндүзгү бөлүмүндөгү окуган мезгилинин" деген сөз-
дөрдөн кийин "(беш жылга чейинки чектерде)" деген сөздөр менен толук-
талсын; ", ички иштер" деген сөздөр алып салынсын.
3. 33-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасындагы "чет тилди билгендиги
үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", илимий даражасы үчүн" деген сөздөр менен
толукталсын.
4. 34-статьяда:
аталышындагы жана 3-пункттун биринчи абзацындагы "кызматтык маяна-
га" жана "кызматтык маянасына" деген сөздөр алып салынсын;
1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу
тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жыл-
дары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган пайыз-
дык кошумча ай сайын төлөнөт.";
3-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев