Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2008-жылдын 11-июну № 114
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
2008-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, ст. 437) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо- лор киргизилсин: 1. Мыйзамдын статьяларынын текстинде (1-статьяны жана мыйзамдардын аталыштарын кошпогондо) ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасы- нын Омбудсмени (Акыйкатчысы)", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши", "Кыргыз Республикасынын Президенти", "Кыргыз Республикасынын Конститу- циясы", "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту", "Кыргыз Республи- касынын Жогорку Соту", Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы", "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору", "Кыргыз Республикасынын Ку- ралдуу Күчтөрү" деген сөз айкаштарында "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын. 2. 6-статьяда: 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары да Жогорку Кењештин макулдугусуз сот тартибинде коюлган кылмыш жана администрациялык жооп- керчиликке тартылышы мүмкүн эмес"; 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Ушул пункт Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына да жайылты- лат."; 10-пункт алып салынсын; 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын орун басарлары аскер кызматына жана аскер жыйындарына чакыруудан бошотулушат.". 3. 7-статьянын 1-бөлүмүнүн 7-пунктунда "отчет" деген сөз "баянда- ма" деген сөз менен алмаштырылсын. 4. 11-статьянын 4-пунктунда "отчет" деген сөз "баяндама" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
|