КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары2008-жылдын 12-июну № 118 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу 2008-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.)төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-статьянын 1-бөлүгүндө: бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толуктал-сын: "- өзүнө программаларды, берүүлөрдү түзүүнү жана аларды таркатуунукамтыган телерадиоберүү боюнча иш;"; он сегизинчи-отуз бешинчи абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он тогу-зунчу-отуз алтынчы абзацтар деп эсептелсин; он тогузунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- телерадиоберүү боюнча ишти кошпогондо, почта жана электр байла-нышы, радиожыштыктын спектрин же кабелдик түзүлмөлөрдү пайдалануу мененмаалымат берүү, анын ичинде ага зарыл тармактарды, линияларды, курулма-ларды, системаларды жана түзүлмөлөрдү долбоорлоо, өндүрүү, куруу, орно-туу (технологиялык жана ички өндүрүштүк багыттагы байланышты уюштуруу-дан башка) жаатындагы иш;". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайыккелтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев