Редакцияот 06.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-майы № 64

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген сөздөр "Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "үчүн" деген сөз "жана натыйжалар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов