Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-июну № 126
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- риэлтордук (далдалчылык) ишмердик.".
2. Мамлекеттик тилде баяндалган 9-статьянын 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацтагы "долбоорло" деген сөз "долбоорлоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
отуз бешинчи абзацтагы "инкассациялоо" деген сөз "инкассациялоого" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |