Бишкек шаары2008-жылдын 23-июну № 128 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контрол-дук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1994-жыл, № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-зилсин. 1. 1-статьяда: 1-бөлүгүндөгү "менчигинин формаларына карабастан бардык ишканалар,уюмдар, мекемелер, алардын филиалдары жана башка өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү(мындан ары - ишканалар), ошондой эле" деген сөздөр "менчигинин форма-ларына карабастан юридикалык жактар, алардын өкүлчүлүктөрү жана филиал-дары (мындан ары - юридикалык жактар)," деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "ишканалардын" деген сөз "юридикалык" деген сөзгөалмаштырылсын. 2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактардын милдеттери Контролдук-кассалык машиналарды колдонуучу юридикалык жана жекежактар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1. Салык органдарында контролдук-кассалык машиналарды каттоо жанапломбалоону жүргүзүүгө. 2. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда он абалдагы,белгиленген тартипте пломбаланган, салык органдарында катталган жанаэсептөөлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын тиешелүү эсебин камсыз кы-луучу (контролдук тасмада жана фискалдык эстутумда эсептөө операцияла-рын фиксациялоо) контролдук-кассалык машиналарды пайдаланууга. 3. Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө сатып алуучуларга (кардарлар-га) төлөө учурунда контролдук-кассалык машинага басылган чекти берүүгө. 4. Контролдук-кассалык машиналарды сатып алуу, каттоо, пайдалануу-га киргизүү жана колдонууга байланыштуу болгон документтерди КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүнү жана сак-тоону камсыз кылууга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясына ылайыктекшерүү жүргүзүүчү салык органдарынын кызмат адамдарына контрол-дук-кассалык машиналарды тоскоолдуксуз карап көрүшүн камсыз кылууга,контролдук-кассалык машиналарды пайдаланууга байланышкан документтердиаларга берүүгө. 5. Контролдук-кассалык машиналарды алгачкы каттоодо же кайра кат-тоодо салык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен маалыматтарды кон-тролдук-кассалык машинанын фискалдык эстутумуна киргизүүгө жана фискал-дык эстутумдагы топтоолорду алмаштырууга. 6. Сатып алуучуга (кардарга) көрүнүктүү жерге сатылып жаткан то-варлардын бааларын (көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскуранттарын) илипкоюуга, алар жарыяланган баалар менен тарифтерди ырастоочу документтер-ге туура келүүгө тийиш. 7. Техникалык тейлөө борборунун кызматкерлеринин контролдук-касса-лык машиналардын ички механизмин карап көрүүсүн салык органдарынын кыз-маткерлеринин катышуусунда гана камсыз кылууга. Эскертүү: Фискалдык эстутум - контролдук-кассалык машиналардын ку-рамында программа-аппараттык каражаттардын комплекси, ал салыктардытуура эсептөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мененжүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгонар бир суткалык (ар бир сменалык) өзгөртүлбөөчү каттоону жана жыйынтык-тоочу маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак мөөнөттө сактоонукамсыз кылат.". 3. 3-статьяда "Колдонуунун жана каттоонун тартибин жана шарттарын"деген сөздөр "Колдонуунун, каттоонун жана пломбалоонун шарттарын" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 4. 4-статьяда: статьянын аталышы "каттоо" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо" де-ген сөздөр менен толукталсын; статьядагы "катталууга" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо" дегенсөздөр менен толукталсын. 5. 6-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининМыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З N 1689-II токтомуменен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда кон-тролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобонун талаптарына ылай-ык юридикалык жана жеке жактар пайдалануучу контролдук-кассалык машина-ларды каттоого жана пломбалоого."; 2-пунктта "ишканаларда" деген сөз "юридикалык жана жеке жактарда"деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасында 2008-жылдын 4-июлунда № 48 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев