Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-июну № 129
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Келишими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өз компетенциясынын чегинде ушул Келишимди жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |