Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-июну № 134
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү
соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сот актысын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же сот
актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, Кыргыз Республикасынын судьялары
тарабынан өздөрүнүн соттук актыларынын аткарылышына талаптагыдай конт-
ролдук кылбоо, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзамда белги-
ленген жоопкерчиликке кириптер кылат.".
2. 13-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Жо-
горку сотунун Төрагасынан, Төрагасынын биринчи орунбасарынан, Төрагасы-
нын 2 орунбасарынан жана 31 судьядан турат.".
3. 15-статьяда:
2-пункттагы:
- 1-пунктчадагы "төмөн турган соттор аткарууга милдеттүү болгон
жетектөөчү" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктча алып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйналыштары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын курамынын кеминде
үчтөн экиси бар болгон учурда укуктуу.".
4. 17-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларын
соттук коллегиялардын төрагалары - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-
нун Төрагасынын биринчи орунбасары, орунбасарлары башкарат.";
5-пункт алып салынсын.
5. 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Жеке аныктама ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар ке-
њешине жөнөтүлөт.".
6. 20-статьяда:
3-пунктчадагы "даттанууларды жана сунуштамаларды" деген сөздөр
"материалдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
5 жана 6-пунктчалар алып салынсын;
15-пунктча "кабыл алат," деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүндө
турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кош-
погондо," деген сөздөр менен толукталсын.
7. Мыйзамдын II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-статья менен то-
лукталсын:
"20-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын
биринчи орунбасары (коллегиянын төрагасы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын биринчи орунба-
сары (коллегиянын төрагасы) судья болуп саналат жана Кыргыз Республика-
сынын Жогорку сотунун төрагасынын орунбасарынын жана судьясынын милде-
тин аткаруу менен катар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
жок кезде анын тапшырмасы боюнча, ал эми мындай тапшырманы берүү мүмкүн
болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын
укуктарын жана милдеттерин өзалдынча жүзөгө ашырат.".
8. 21-статьяда:
2-пунктчадагы "даттанууларды жана сунуштамаларды" деген сөздөр
"сот иштерин, материалдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы жана анын би-
ринчи орунбасары жок кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төра-
гасынын укуктарын жана милдеттерин мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө
ашырат;";
8-пунктча "кабыл алат," деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүндө
турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кош-
погондо," деген сөздөр менен толукталсын.
9. 22-статьяда:
2-пунктчадагы "орунбасарынын" деген сөз "орунбасарларынын" деген
сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктча "Төрагасынын" деген сөздөн кийин "же анын орунбасарлары-
нын" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктча "кабыл алат." деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүндө
турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кош-
погондо," деген сөздөр менен толукталсын.
10. 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Жергиликтүү соттордун судьяларынын саны судьялардын жүгүнүн жана
соттордун аппарат кызматкерлеринин санынын нормативдерине ылайык Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".
11. 26-статьядагы "конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте"
деген сөздөр алып салынсын.
12. 27-статьядагы 2-пункт алып салынсын.
13. 31-статьяда:
3-пунктчадагы "даттанууларды жана арыздарды" деген сөздөр "матери-
алдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана
башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу жана соттук актылардын ат-
карылышын камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчи-
сине төмөнкүдөй сунуштарды берет:
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчысын дайындоо жана бошотуу
жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди
ыйгаруу жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана
тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;";
7-пунктча "кабыл алуу жана" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүндө
турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кош-
погондо," деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктча алып салынсын.
14. 32-статьяда:
1-пункттагы:
- 3-пунктчада:
"иштерди," деген сөздөн кийин "материалдарды" деген сөздөр менен
толукталсын; "даттанууларды жана арыздарды" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктча "кабыл алат жана" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрү-
шүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды
кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
15. 33-статьядагы "конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте"
деген сөздөр алып салынсын.
16. 34-статьядагы 2-пункт алып салынсын.
17. 36-статьяда:
1-пункттагы:
- 3-пунктча "кабыл алуу жана" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрү-
шүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды
кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат,
жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана
башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу жана соттук актылардын ат-
карылышын камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчи-
сине төмөнкүдөй сунуштарды берет:
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошо-
туу жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди
ыйгаруу жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана
тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;
- соттук аткаруучуларга карата соттук актыларды аткаргандыгы үчүн
сыйлоо жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жаза чарасын
колдонуу жөнүндө;";
- 6, 8-пунктчалар алып салынсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Райондук соттун төрагасы жок кезде соттун төрагасынын тапшы-
руусу боюнча төраганын милдеттерин аткаруу ушул эле соттун башка судья-
сына жүктөлөт.
Райондук соттун төрагасынын кызмат орду бош болгон учурда бул сот-
тун төрагасынын милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурлардан тышкары, райондук соттун төрагасы дайындалганга
чейин облустук соттун төрагасынын буйругу менен ушул же башка соттун
башка судьясына жүктөлөт.".
18. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишин уюштуруу
жагынан камсыз кылуу
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жергиликтүү соттордун
сот актыларын кайра кароо, ошондой эле мыйзам менен Кыргыз Республика-
сынын Жогорку сотунун карамагына кирген башка маселелер боюнча ишин
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын иши Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан бекитилүүчү Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндөгү Жобо менен регламен-
ттелет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратын Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана
кызматтан бошотулуучу аппараттын жетекчиси башкарат.
4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде
контролдоочу жана чарбалык-тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен макулдашуу боюнча
соттун аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин сакта-
лышына контролдук жүргүзөт.
5. Тейлөөчү персоналды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.
Жогорку соттун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу,
анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын чектелген
саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун штаттык расписаниеси жа-
на түзүмү чектелген сандын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-
нун Төрагасы тарабынан бекитилет.".
19. 39-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, сот тажрыйбасын жалпылоо, сот
статистикасын жүргүзүү жана башка иштерди аткаруу боюнча жергиликтүү
соттордун ишин камсыз кылуу максатында жергиликтүү соттордо сот аппа-
раттары иштейт. Тейлөөчү персоналды кошпогондо, жергиликтүү соттордун
аппараттарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппаратынын мамле-
кеттик кызматчылары тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасынын сунушу бо-
юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка
дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Жергиликтүү соттордун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюш-
туруу, анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлеринин чектелген
саны Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
Жергиликтүү соттордун аппаратынын штаттык расписаниелери жана тү-
зүмдөрү чектелген сандын чегинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотторунун судьяларынын жүгүнүн жана жергиликтүү соттордун аппарат кыз-
маткерлеринин санынын нормативдерине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.";
5 жана 6-пункттар алып салынсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын иши ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү жергиликтүү соттун
аппараты жөнүндөгү бирдиктүү Жобо менен жөнгө салынат.";
8-пункт алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык
келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган