Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-июну № 135
Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жетишүүнү жогорулатуу" гранты (JFPR Project № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жетишүүнү жогорулатуу" гранты (JFPR Project № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |