Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2008-жылдын 23-июну № 136
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 349 жана 350-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"349-статья. Салык салуудан качуу
Контролдук-кассалык машиналарды (контролдук тасмаларды) пайдаланууга байланышкан документтердин сакталышын камсыз кылбоо жана белгиленген тартипти бузуу менен кассир-операционисттин китебин жүргүзүү -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
350-статья. Контролдук-кассалык машиналарды колдонбой калк менен
акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү
Контролдук-кассалык машиналарды колдонбой калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү-
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2. Кодекстин 26-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 350-1-350-4-статьялар менен толукталсын:
"350-1-статья. Кассалык аппараттан өткөрбөө, сатып алуучуга
(кардарга) кассалык чек бербөө же төлөнгөндөн аз
сумманы көрсөткөн кассалык чек берүү
Кассалык аппараттан өткөрбөө, сатып алуучуга (кардарга) кассалык чек бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн кассалык чек берүү-
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
350-2-статья. Бузук абалдагы контролдук-кассалык машинаны
пайдалануу
Бузук абалдагы контролдук-кассалык машинаны пайдалануу-
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
350-3-статья. Салык органдарынын кызматкерлеринин
контролдук-кассалык машиналарды карап көрүшүнө
тоскоолдук кылуу
Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарды карап көрүшүнө тоскоолдук кылуу-
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
350-4-статья. Базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлордун
кызмат адамдары (жетекчилери) контролдук-кассалык
машиналарды соода аянттарынын ижарачыларына орнотуп
берүүнү камсыз кылбоо
Базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлордун кызмат адамдары (жетекчилери) контролдук-кассалык машиналарды соода аянттарынын ижарачыларына орнотуп берүүнү камсыз кылбоо-
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
К.Бакиев |